00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
11 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:13
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аквапарктан каза болгон окуучу: бассейнди караган куткаруучу кармалды

© Photo / Pexels / Kindel MediaКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жазылуу
Аталган кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Окуучунун өлүмүн тергөөнүн алкагында "Ала-Тоо" аквапаркынын куткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолдинов билдирди.
Баланын аквапаркта чөгүп кетүү фактысы боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин 127 ("Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү") жана 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн кооптуулук жаратуу") менен иш козгогон.
Маалымат катчынын айтымында, аталган кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат.
"Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү менен милиция кылмыш ишин козгоду. Аквапарктын куткаруучусу кармалды. Тергөө уланып жатат. "Ала-Тоо" аквапаркынын бардык кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилет", — деди Камолдинов.
Эске салсак, 6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Аталган окуяны териштирүү боюнча мэрия тарабынан комиссия түзүлгөн. Кырсыкка айыпталып № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулган.
Аквапаркка жалпы жонунан башталгыч класстын 232 окуучусу барган. Аларды тогуз класс жетекчи жана тогуз ата-эне коштоп жүргөнү айтылган.
Бүгүн маркум окуучунун классташтарынын ата-энелери митингге чыгып, мектеп директору Айгүл Шимованы, аквапарктын жетекчилигин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.
Ата-энелердин министрликтин алдындагы митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Аквапаркта каза болгон бала. Ата-энелер министрликтин алдына митингге чыгышты
Жаңылыктар түрмөгү
0