https://sputnik.kg/20220621/kyrgyzstan-kumtor-kense-izhara-aky-1065427679.html
Теңиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүүнү өлкө жетекчилиги менен макулдашкан эмес
Теңиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүүнү өлкө жетекчилиги менен макулдашкан эмес
Sputnik Кыргызстан
Холдингдин жетекчисине макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. 21.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-21T14:34+0600
2022-06-21T14:34+0600
2022-06-21T14:35+0600
кыргызстан
кумтөр
кеңсе
президент
ижара
акы
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/18/1060704458_101:137:1778:1080_1920x0_80_0_0_96ed86e87ae3aaa3bf044e97fa1b5e24.jpg
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Теңиз Бөлтүрүк "Учкундагы" офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.Бөлтүрүк башка офиске көчкөн себебин "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.Ошону менен бирге "Кумтөрдүн" гаражы жеке жактан Жогорку Кеңештин мурдагы гаражына которулган. Башкача айтканда, эми ижара акы мамлекетке түшүп турат."Азыркы офисте убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду", — деди Султанбаев.Эске салсак, ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев компания мамлекеттик кеңседен менчик имаратка кетип, ага 50 миң доллар ижара акысын төлөп жатканын билдирген. Бирок кийинки билдирүүсүндө 5000 чарчы метрлик аянттын ижара акысы айына 120 миң доллар болорун айткан.Ал эми холдинг кеңсенин ижара акысы боюнча акыркы келишим түзүлө электигин, учурда эң арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Ижарага берүүчү менен сүйлөшүүлөрдүн башында чарчы метр үчүн 17 доллар туурасында сөз болгону айтылган.
https://sputnik.kg/20220527/kumtor-ken-zher-kyrtyshy-zhyluuda-1064759526.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/18/1060704458_265:166:1484:1080_1920x0_80_0_0_196730002243219c1a014b98747d9a09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кумтөр, кеңсе, президент, ижара, акы
кыргызстан, кумтөр, кеңсе, президент, ижара, акы
Теңиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүүнү өлкө жетекчилиги менен макулдашкан эмес
14:34 21.06.2022 (Жаңыртылды: 14:35 21.06.2022) Холдингдин жетекчисине макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы
Теңиз Бөлтүрүк "Учкундагы" офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Бөлтүрүк башка офиске көчкөн себебин "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.
"Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген", — деди Султанбаев.
Ошону менен бирге "Кумтөрдүн" гаражы жеке жактан Жогорку Кеңештин мурдагы гаражына которулган. Башкача айтканда, эми ижара акы мамлекетке түшүп турат.
"Азыркы офисте убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду", — деди Султанбаев.
Эске салсак, ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев компания мамлекеттик кеңседен менчик имаратка кетип, ага 50 миң доллар ижара акысын төлөп жатканын билдирген. Бирок кийинки билдирүүсүндө 5000 чарчы метрлик аянттын ижара акысы айына
120 миң доллар болорун айткан.
Ал эми холдинг кеңсенин ижара акысы боюнча акыркы келишим түзүлө электигин, учурда эң арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Ижарага берүүчү менен сүйлөшүүлөрдүн башында чарчы метр үчүн
17 доллар туурасында сөз болгону айтылган.