https://sputnik.kg/20220622/indiya-kyrgyzstan-grant-1065469876.html
Индия Кыргызстандын социалдык тармактарын өнүктүрүүгө ири суммада грант берет
Индия Кыргызстандын социалдык тармактарын өнүктүрүүгө ири суммада грант берет
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн парламентте бир эле долбоордун ратификациясы каралды, алдыда жылына беш-алты долбоорду ишке ашыруу пландалууда. 22.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-22T14:25+0600
2022-06-22T14:25+0600
2022-06-22T14:25+0600
кыргызстан
индия
экономика
грант
каражат
ратификация
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/15/1050848332_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_da21bede347ac1ffe39f07cba3ae82d6.jpg
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Индия Кыргызстанга 126,3 миллион сомдук грант берет. Аталган макулдашууну ратификациядан өткөрүү үчүн экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов парламентке алып келди.Каражат билим берүү, медициналык билим берүү, айыл чарба, агроөнөр жай, энергияны кайра жаратуу, соода, транспорт жана байланыш багыттарына жумшалат. Мисалы, мектептерди, бала бакчаларды жабдууга, региондогу ооруканаларга, бейтапканаларга жабдыктарды, санариптик каражаттарды алууга сарпталат.Ошондой эле ал ратификациялоо мыйзамын бир эле учурда үч окуудан карап берүүнү суранды. Натыйжада маселе каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
https://sputnik.kg/20220615/bishkekke-120-elektrobus-alynat-1065278767.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/15/1050848332_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_267fad26953f3b9ab8a665cb81420c54.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, индия, экономика, грант, каражат, ратификация
кыргызстан, индия, экономика, грант, каражат, ратификация
Индия Кыргызстандын социалдык тармактарын өнүктүрүүгө ири суммада грант берет
Бүгүн парламентте бир эле долбоордун ратификациясы каралды, алдыда жылына беш-алты долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Индия Кыргызстанга 126,3 миллион сомдук грант берет. Аталган макулдашууну ратификациядан өткөрүү үчүн экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов парламентке алып келди.
Каражат билим берүү, медициналык билим берүү, айыл чарба, агроөнөр жай, энергияны кайра жаратуу, соода, транспорт жана байланыш багыттарына жумшалат. Мисалы, мектептерди, бала бакчаларды жабдууга, региондогу ооруканаларга, бейтапканаларга жабдыктарды, санариптик каражаттарды алууга сарпталат.
"Индия өкмөтү бир долбоорго 1,5 миллион доллардан бөлөт. Биз жылына беш-алты долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Индиянын Кыргызстандагы элчилигине гранттык жардам алууга табыштама жөнөттүк", — деди Сеитов.
Ошондой эле ал ратификациялоо мыйзамын бир эле учурда үч окуудан карап берүүнү суранды. Натыйжада маселе каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.