https://sputnik.kg/20220630/kyrgyzstan-ehn-kooptuu-sejsmikalyk-ajmakta-zhajgashkan-1065672148.html
Бегалиев: өлкөдөгү сапаты төмөн курулуш жер титирөөгө туруштук бере албайт
Бегалиев: өлкөдөгү сапаты төмөн курулуш жер титирөөгө туруштук бере албайт
Sputnik Кыргызстан
Сейсмикалык жактан туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев курулуш тармагындагы... 30.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-30T11:53+0600
2022-06-30T11:53+0600
2022-06-30T11:53+0600
радио
кыргызстан
курулуш
сейсмология
жер титирөө
улугбек бегалиев
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1e/1065672119_0:145:3067:1870_1920x0_80_0_0_39a3e3a7d3cea9164cbca64229fd2eaf.jpg
Бегалиев: өлкөдөгү сапаты төмөн курулуш жер титирөөгө туруштук бере албайт
Sputnik Кыргызстан
Бегалиев: өлкөдөгү сапаты төмөн курулуш жер титирөөгө туруштук бере албайт
Кыргызстан кооптуу сейсмикалык аймакта жайгашкандыктан турак жай курулушунун сапатына көңүл буруу керек. Бул тууралуу Улугбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, жеке курулуш компанияларынын көбөйүшү көзөмөлдүн азайышына алып келип, коопсуздук жагынан талаптарга жооп бербей калды.Ошондой эле адис 4-9-июлда Ысык-Көлдө жана Бишкекте жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча III эл аралык илимий-практикалык конференция өтөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1e/1065672119_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_0713560cf60ab104be2e1089d41f624b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курулуш, сейсмология, жер титирөө, улугбек бегалиев, аудио
кыргызстан, курулуш, сейсмология, жер титирөө, улугбек бегалиев, аудио
Бегалиев: өлкөдөгү сапаты төмөн курулуш жер титирөөгө туруштук бере албайт
Сейсмикалык жактан туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев курулуш тармагындагы адистердин кесипкөйлүгү текшерилип, каттоодон өтүшү керектигин айтты.
Кыргызстан кооптуу сейсмикалык аймакта жайгашкандыктан турак жай курулушунун сапатына көңүл буруу керек. Бул тууралуу Улугбек Бегалиев
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеке курулуш компанияларынын көбөйүшү көзөмөлдүн азайышына алып келип, коопсуздук жагынан талаптарга жооп бербей калды.
"Кыргызстан дүйнөдөгү эң кооптуу сейсмикалык аймакта жайгашкан. Өлкөдө 100дөн ашык активдүү жердин жаракалары бар. Сейсмологдордун берген маалыматтарын алып, мурунку жер титирөөлөргө анализ жасалып келет. Демек, биз турак жай курууда сапатына абдан көңүл бурушубуз зарыл. Курулуштун сапатын жакшыртуу үчүн көзөмөлдү жөнгө салуу керек. Мурункудай атайын инспекция бардык нормаларды толук кандуу текшербейт. Анткени көп компаниялар менчик болгондуктан катуу көзөмөл жүргүзүү татаалыраак болуп жатат. Мамкызматта иштеген адистердин кесипкөйлүгүн жана айлыгын жогорулатуу керек. Болбосо алар жеке компанияларга көз каранды болуп жатат", — деди Бегалиев.
Ошондой эле адис 4-9-июлда Ысык-Көлдө жана Бишкекте жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча III эл аралык илимий-практикалык конференция өтөрүн кошумчалады.