Тагаева: баа коюуда окуучуну башка бала менен салыштырбоо керек
11:00 05.07.2022 (Жаңыртылды: 11:13 05.07.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз билим берүү академиясынын билим берүүдөгү тажрыйбаларды жана инновацияларды баалоо лабораториясынын башчысы Гүлмира Тагаева. Архив
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүүдөгү тажрыйбаларды жана инновацияларды баалоо лабораториясынын башчысы Гүлмира Тагаева баланын билимин баалоодо стереотиптик көз караштардан алыс болуу зарылдыгын айтты.
Учурда бизде мектептерде беш шкала менен баалануучу система иштейт. Бирок эч бир мугалим балага "1" же "2" деген баа койбойт. Башкача айтканда, баалоо системасын толук колдонбойт. Мындай көрүнүштөр бизге сиңип калган туура эмес стереотиптерден улам келип чыгууда. Бул тууралуу Гүлмира Тагаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Тагаева: баа коюуда баланы башка бала менен салыштырбоо керек
Анын айтымында, балдардын билимин баалоодо коюлган баа ошол учурду гана камтый турганын, баланын башка күнү ошол эле сабактан жогорку баа алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин тынбай түшүндүрүп туруу керек.
"Мектептеги баалоо системасы — биздин өлкөдө анчейин изилденбеген тармак. Бул багытта жазылган илимий иштер деле жокко эсе. Ошондуктан дагы баалоо системасында түрдүү стереотиптер пайда болуп, анын жыйынтыгы окуучу менен мугалимдин ортосундагы түшүнбөстүктөргө же мугалимдин өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнө зыянын тийгизип жаткан учурлар болууда. Мисалы, бизде беш шкалалык баалоо система иштейт. Бирок эч бир мугалим "1" же "2" койбойт. Ал эми иш жүзүндө бул даражада баалоо да колдонулушу керек эле. Себеби биздин көпчүлүк мугалимдер "1" коюу бул ошол баланын таптакыр эле эч нерсе билбестигинен кабар берет же мугалим өзү жакшы окута албайт экен, окуучулары "1" алып жүрөт деген сыяктуу туура эмес пикирде болушат. Бирок чынында андай эмес. "1" же "5" алуу ошол окуучунун конкреттүү ошол учурдагы билимин баалоо гана болушу шарт. Тактап айтканда, бүгүн "1" алган бала эртең "5" алып калышы толук мүмкүн жана ал окуучунун жаман адам экенин билдирбейт. Конкреттүү бир коюлган критерийлердин негизинде ошол учурду гана баалоо шарт. Анан чейрек соңунда баалар топтомунан жыйынтык чыгарганда баланын билими калыс каралат. Болбосо бизде бул дайыма "5" алчу эле деп айрым окуучуларды көтөрмөлөп, же тескерисинче, дайыма "3" алып жүргөн балага дароо "5" коюп салсам болбойт го деген түшүнүк ата-эне жана балдардын нааразычылыгын жаратып, билимдин эмес, баа кууган абалды шарттайт",— деди Тагаева.
Ал ошондой эле башталгыч класстарга такыр эле баа койбой окутуу методикасы да каралып жатканын кошумчалады.