00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамкурулуш: Elite House Бишкекте уруксат берилбеген жерге үй салып жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан үй. Архив
Курулуп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Ведомство курулушчулардан архитектура жана шаар куруу мыйзамдарын тыкыр сактоону өтүнөт.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектин Горький көчөсү, 1Б дарегинде Elite House компаниясынын уруксатсыз өз алдынча курулуш баштаганы аныкталды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мындан улам аталган объектини курууну токтотуу тууралуу компанияга кабарлама берилген.
"Мындан сырткары, тийиштүү шаардык кызматтарга суу түтүктөрүн жана электр энергиясын берүүнү токтотуу боюнча кат жиберилди. Бирок башкармалыктын талаптарына карабай объектиде курулуш иштери улантылып жатат. Муну менен "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдар бузулууда", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча документтерди сотко өткөрүп берген.
"Шаардык башкармалык Elite House компаниясынын башка объектилери боюнча да соттошуп жатат. Алардын бири Чуйков, 132, 132/2 ("Эль Классик", "Эль Классик Плюс" турак жай комплекси), экинчиси Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде ("Элитный квартал" турак жай комплекси) жайгашкан", — деп билдирди агенттик.
Мамкурулуш курулушчуларды архитектура жана шаар куруу мыйзамдарын тыкыр сактоону өтүнөт. Ал эми Шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштерин улантары белгиленди.
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Прокуратура сотко чуулуу "Манас-Ата" кафесин түрттүрүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0