00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Өлкөгө бир катар дарыларды мамкаттоосу жок ташып кирүүгө болот. Алар текшерилеби?

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Бийлик Кыргызстанда дары-дармектин бир нече түрүн милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөй киргизүүгө уруксат берген токтомдун мөөнөтүн узарткан.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Каттоосу милдеттүү түрдө жасалбастан өлкөгө киргизилген препараттарды Дары-дармек жана медициналык каражаттар боюнча департамент текшерет. Бул туурасында Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековФармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов
Председатель Фармацевтического союза Кыргызстана Эрнис Асанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борбордунда өткөн "Жашоо үчүн маанилүү дарылардын тартыштык тобокелдиги жаралды. Көйгөйдү кантип чечүүгө болот" деп аталган брифингге катышкан.
Эске салсак, бийлик Кыргызстанда бир катар дарыларды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөй киргизүүгө уруксат берген токтомдун мөөнөтүн узарткан. Эксперттер мурдараак бул кадам ден соолукка кесепети тие турган сапатсыз дарылардын өлкөгө агыларын айтып, коңгуроо кагышкан.
Фармбирикме жетекчисинин айтымында, мындай дарылар баары бир көзөмөлдөн өтөт: департамент ташып келгенге уруксат берет, электрондук түрдөгү маалым кат аэропорт, темир жол жана автожол бажыларындагы өткөрүү пунктусуна жиберилет.
"Бажылык тазалоодон улам жүк дистрибьюторлордун дарыканаларынын кампасына түшөт, ал жерге департаменттин адистери барып сериялык көзөмөлдөн өткөрөт. Ар бир серияга башынан аягына чейин анализ жасалат. Департаменттин лабораториясы мамлекеттик аккредитациядан өткөн: заманбап жабдуулар менен камсыздалган, бул препарат талаптарга жооп бергендиги боюнча анализди тыкыр жасоого жана текшерүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет", — деген ал.
Асанов Кыргызстанга келип, өкмөттүн токтому менен милдеттүү түрдө каттоодон өтпөгөн дарылар чыгарылган мамлекетте сөзсүз каттала тургандыгын түшүндүрдү.
"Жасалган мамлекетте катталмайын, аны сыртка чыгарууга уруксат берилбейт. Негизи эле сапатсыз продукцияны чыгаруу компаниянын өзүнө пайда алып келбейт. Себеби препараттын жараксыз экендиги аныкталса, аны алып келгендерге кайра кайтарып беришет. Ал эми бул, албетте, кошумча чыгым", — деп айтты Асанов.
Фармсоюздун жетекчисинин айтымында, бир катар дарыларды каттоосуз алып келүү өлкөнүн дары рыногундагы жетишсиздикти алдын алат.
Бирикменин аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев бул айласыздан көрүлгөн чара экендигин кошумчалады.
© Sputnik / Табылды КадырбековФармацевтикалык союздун аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев
Исполнительный директор союза фармацевтов Алмазбек Алтыбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Фармацевтикалык союздун аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев
"Каттоодон өткөн гана дарыларды алып келүү — эң сонун нерсе. Жаманы — көзөмөлдөн да, сертификациядан да өтпөй туруп рынокко чыгып кеткен учурлар. Министрлер кабинетинин токтому айырмачылыктарды теңдештирип, дефицитти алдын алган аргасыз чара", — деди ал.
Бир аз мурдараак Фармсоюз өкүлдөрү Кыргызстандагы дары-дармектин 30-40 пайызы аткезчилик менен алып келиниши мүмкүндүгүн айтышкан.
Дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Пресс-борбор
Кыргызстанда дарылар кымбат сатылат. Фармбирикме бааны түшүрүүнүн жолун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0