Жиу-житсучу Муртазалиев АКШдагы Дүйнөлүк оюндардан күмүш медалга ээ болду
17:31 16.07.2022 (Жаңыртылды: 11:00 17.07.2022)
© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи МуртазалиевымЖит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев
![Жит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев Жит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/07/10/1066122205_0:82:810:538_1920x0_80_0_0_be7631b2849698b7d6d688b0484f5d2a.jpg)
© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи Муртазалиевым
Жазылуу
Төрт жылда бир өтчү Дүйнөлүк оюндар Бирмингем шаарында болууда.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев АКШда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндардан күмүш медаль алды. Бул тууралуу спортчу Sputnik маалымат агенттигине кабарлады.
© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи МуртазалиевымЖит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев АКШда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндардан күмүш медаль алды
![Всемирные игры — 2022 в Бирмингеме Всемирные игры — 2022 в Бирмингеме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/07/10/1066122208_0:0:1080:720_1920x0_80_0_0_6319aa858479ce40b4e8345d31a38076.jpg)
Жит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев АКШда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндардан күмүш медаль алды
© Фото / предоставлено Абдурахманхаджи Муртазалиевым
Оюндар Бирмингем (Алабама штаты) шаарында өтүп жатат.
Муртазалиевдин айтымында, финалдык кармаш 0:0 эсеби менен аяктаган. Бирок калыстар жеңишти атаандашына — Сауд Арабиядан келген Аль-Кетби Фейсалга беришкен.
Дүйнөлүк оюндар төрт жылда бир өткөрүлөт жана ага Олимпиада оюндарынын программасына киргизилбеген спорттун түрлөрү кошулган.
Белгилей кетсек, 27-февралда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо Свердлов округунан Абдурахманхажи Муртазалиев 5 806 добуш алып (19.52%) утуп чыккан. Бирок кийин Борбордук шайлоо комиссиясы добушун жараксыз деп тапкан.