https://sputnik.kg/20220721/avgust-dagy-ysyk-bolot-1066226337.html
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова келе жаткан август айында да абанын температурасы нормадан жогору болору... 21.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-21T13:16+0600
2022-07-21T13:16+0600
2022-07-21T13:16+0600
баткен
радио
аба ырайы
кыргызстан
ысык
асылбүбү маткеримова
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0c/1054197645_0:74:3072:1802_1920x0_80_0_0_65be3e61a9ac4e56f1a6fa5f7e6d367c.jpg
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн
Кыргызгидромет Баткен облусунун айрым аймактарын байкоого албайт. Мына ушул жерлерде күндүн табы 20-25-июль аралыгында +45, +47 градуска чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Асылбүбү Маткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ысык аба ырайы 20-25-июль аралыгында эле эмес, айдын аягына чейин кармалып турат.Ал аптаптуу күндөрдө өрт чыгуу коркунучу жогору болорун, жарандар муну эске ала жүрүү зарылдыгын кошумчалады.
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0c/1054197645_113:0:2844:2048_1920x0_80_0_0_b0e07f62d11ed7632a8bfeb7fcbef3da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
баткен, аба ырайы, кыргызстан, ысык, асылбүбү маткеримова, аудио
баткен, аба ырайы, кыргызстан, ысык, асылбүбү маткеримова, аудио
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн
Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова келе жаткан август айында да абанын температурасы нормадан жогору болору күтүлүп жатканын айтты.
Кыргызгидромет Баткен облусунун айрым аймактарын байкоого албайт. Мына ушул жерлерде күндүн табы 20-25-июль аралыгында +45, +47 градуска чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Асылбүбү Маткеримова
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ысык аба ырайы 20-25-июль аралыгында эле эмес, айдын аягына чейин кармалып турат.
"Быйыл июль, август айларынын температурасы нормадан жогору болорун болжолдоп жатабыз. Күндүн табы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +42 градуска чейин жетет. Бирок биз байкоо жүргүзбөгөн жерлер да бар. Аларга Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстанга жакын аймактары кирет. Бул жерлерде күндүн табы +45, +47 градуска чейин жетиши мүмкүн. Анткени Өзбекстан өкмөтү да июль айынын үчүнчү жарымында кээ бир аймактарында ысык +45, +47ге чейин жетүү ыктымалдыгын билдирген. Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстанга жакын өрөөндөрүндөгү аба ырайы боюнча маалыматка ушул мамлекеттердин синоптиктеринин божомолу көбүрөөк туура келет", — деди Маткеримова.
Ал аптаптуу күндөрдө өрт чыгуу коркунучу жогору болорун, жарандар муну эске ала жүрүү зарылдыгын кошумчалады.