00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Баетов: илим мамлекетке жана кооомго пайдасын тийгизбей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИлим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун директору Батыркул Баетов
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун директору Батыркул Баетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун директору Батыркул Баетов илим жаатын реформалоо зарылдыгын белгиледи.
Илимди коомдун жана мамлекеттин пайдасына колдоно албай жатабыз. Ошондуктан бул багытта приоритеттерди өзгөртүү зарыл. Мындай пикирин Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Баетов: илим мамлекетке жана кооомго пайдасын тийгизбей жатат
Анын айтымында, учурдагы илимий талаптар базар экономикасына ылайыкташкан эмес.
"Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш министрлер кабинетинин төрагасына караштуу. Ал илим жана илимий техникалык саясаттын негиздери жөнүндө мыйзамда бекип, жобосу бар. Негизги максаты — илимди коомдун пайдасына колдонуу. Учурда 79 илим изилдөө мекемеси аздыр-көптүр мамлекеттен каржыланууда. Анан ошолор коомдун бардык тармагына пайдасын тийгизбей жатат. Илимдин адамы — бул кадимки доктур, милиция, инженер, педагог же башка кызматкер. Болгону алар башкалардан айырмаланып чыгармачыл ой калчоого жөндөмдүү. Кайсы бир көйгөйдүн чечилишин изилдеп, эсептеп, анан сунуштап турат. Анан ошондой адамдардын потенциалын колдонуп жатабызбы же аларды бир илимий мекемеге чакан маяна чектеп берип отургузуп койдукпу? Учурда илимпоздор коомго, мамлекетке керекпи, кереги жокпу дебей эле бир тармакты казып изилдей берет. Мурдагыдай талаптарды аткарып, маяна алып жүрө бергенди токтотуп кайсы бир тармакка пайдасын тийгизүү зарылдыгын белгилеп жатабыз. Мисалы, энергетика жаатында окумуштуу (илимий институт же топ) болсо Энергетика министрлигинен же энергокомпаниялардан тапшырык алып, аларга изилдөө иштерин жасап берсин. Ошентип илим өзүнө, мамлекетке жана кайсы бир секторго өз пайдасын тийгизет", — деди Баетов.
Ошондой эле ал ЖОЖдор менен Илимдер академиясы мурда эле интеграцияланып калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0