https://sputnik.kg/20220802/kyrgyzstan-akchanyn-kolomu-200-mlrd-somdon-ashty-1066478649.html
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты
Sputnik Кыргызстан
Бир айдын ичинде үч көрсөткүчтөгү сумма 15,5 миллиард сомдон 22 миллиард сомго чейин өскөн. 02.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-02T09:27+0600
2022-08-02T09:27+0600
2022-08-02T09:27+0600
кыргызстан
экономика
акча
көлөм
рекорд
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063498297_0:131:3073:1859_1920x0_80_0_0_2ecc641988bfcf64a0267f3bbf970cd4.jpg
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-июлга карата акчанын көлөмү боюнча жаңы рекорд коюлуп, кеңири аныктамадагы акча базасы 200 миллиард сомдон ашты.Улуттук банк акчанын көлөмү боюнча 2003-жылдан берки маалыматтарга ээ. Эгерде анализдей турган болсок, азыркы сумма рекорддук көрсөткүч болуп саналат.Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча абал төмөнкүдөй:Мындайча айтканда, бир айда аталган көрсөткүчтөрдүн суммасы 15,5 миллиард сомдон 22 миллиард сомго чейин өскөн.Белгилей кетсек, соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жатат. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;Акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.
https://sputnik.kg/20220726/kriptovalyutaga-investiciya-saluu-1066327276.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063498297_153:0:2884:2048_1920x0_80_0_0_161bb3b74550e440a02068e901bc48dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, акча, көлөм, рекорд
кыргызстан, экономика, акча, көлөм, рекорд
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты
Бир айдын ичинде үч көрсөткүчтөгү сумма 15,5 миллиард сомдон 22 миллиард сомго чейин өскөн.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-июлга карата акчанын көлөмү боюнча жаңы рекорд коюлуп, кеңири аныктамадагы акча базасы 200 миллиард сомдон ашты.
Улуттук банк акчанын көлөмү боюнча 2003-жылдан берки маалыматтарга ээ. Эгерде анализдей турган болсок, азыркы сумма рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча абал төмөнкүдөй:
акча базасынын көлөмү — 183,4 миллиард сом (мурдагы рекорд 166,1 миллиард сом);
кеңири аныктамадагы акча базасы — 203,6 миллиард сом (181,6 миллиард сом);
жүгүртүүдөгү акча — 165 миллиард сом (149,6 миллиард сом).
Мындайча айтканда, бир айда аталган көрсөткүчтөрдүн суммасы 15,5 миллиард сомдон 22 миллиард сомго чейин өскөн.
Белгилей кетсек, соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жатат. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.
Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;
Акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;
Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.