00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Максимальный репост
100 миллионов долларов! Россия продолжает оказывать КР продовольственную помощь
16:04
18 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси - Sputnik Кыргызстан

Пелосинин Тайванга сапары, Кытайдын каршылыгы. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапары Кытайда бир топ дүрбөлөң жаратууда.
Пелосинин Кытайдагы арал Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна жик салып, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу мүмкүн экени айтылган. Кытай АКШдан ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылууда.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:55 02.08.2022
Кытайдын армиясы Тайванга жакын үч акваторияда машыгууларын баштады
23:54 02.08.2022
Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарына карата комментарий берип жатып билдирди.

Биз Тайвань булуңундагы бардык иш-аракеттер Кытайдын таза ички иши деп эсептейбиз. Кытай тарап Тайвань маселесинде өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө укуктуу. Россиянын принципиалдуу позициясы ушул. Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү, — деп айтылат билдирүүдө.

22:38 02.08.2022
Тайвандын администрация жетекчиси Цай Инвэнь жана АКШ Конгресинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегациясы шаршемби күнү эртең менен жолугушат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып жатышат.
22:20 02.08.2022
Кытай армиясынын Чыгыш командачылык зонасы шейшемби күнү кечинде Тайванга жакын жерде бир катар аскердик операцияларды баштаарын жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Анын алкагында Кытай армиясы Тайвань булуңунда алыска атуучу куралдарын жана өзөктүк эмес ракетаны сынамакчы.
Буга чейин Кытайдын Су-35 истребителдери Тайванга бет алганы айтылган. Бирок аралдан бул маалыматты төгүндөштү.
“Кытайдын Су-35 истребителдери биздин аба мейкиндигибизге кирген жок. Анткен менен учактын башка үлгүлөрү ортоңку сызыкты кесип өттү. Кырдаалга жооп кайтаруу үчүн чараларды көрүп жатабыз", — деди Коргоо министрлигинин өкүлү Сун Лифанг.
21:55 02.08.2022
Кытайдын Борбордук телеканалы маалымдагандай, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Нэнси Пелосинин сапарына кескин нааразылык билдирди. Ошондой эле “Бирдиктүү Кытай” принцибин жана Кытай-Америкалык коммюникенин жоболору бузулганын кошумчалады. Андан тышкары, Пекин Вашингтонду Кытайды көзөмөлдөө үчүн Тайванга “кол салбоого” чакырды.
“АКШ "олуттуу спектакль" көрсөттү. Пелосинин Тайванга келишин чоң саясий провокация десе болот. Мамлекеттик эгемендүүлүктү коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз. Анткени АКШ Тайвандын Кытайдан бөлүнүшүн көздөгөн сепаратисттик топторго жем таштады”, — дешти ТИМден.
21:47 02.08.2022
Ак үй Пелосинин Тайванга болгон сапары Кытайдын северенитетин бузууга жатпайт деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
21:43 02.08.2022
Тайвандын Коргоо министрлиги Кытайдын Су-35 истребителдери Тайвань кысыгына кирди деген маалыматты төгүндөдү.
21:28 02.08.2022
Бир нече мүнөт мурда Тайбэй шаарындагы Суншань авиабазасына конгон Нэнси Пелоси аэропорттон эле алгачкы билдирүүсүн жасады. Ал АКШ Тайвандын демократияга унмулгандыгын урматтап, колдоорун айтты. Бүшүнкү иш сапардын негизги максаты дал ушул тилектештикти көрсөтүү экенин кошумчалады. Ошондой эле анын бул аралга келиши АКШнын саясатына каршы келбесин билдирди.
"Биздин иш сапарыбыз 1979-жылы кабыл алынган Тайвань мамилелери боюнча актыны бузган жок. Бирок биз Кытай тараптап агрессияга туш болуп жаткан Тайванды колдогубуз келет. Биз Тайванга, негизи эле демократияга ушунчалык коркунуч жаралган учурда тынч карап отура албайбыз”, — деди ал.
21:19 02.08.2022
Кытай Тайвандын айланасындагы алты аймакта аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Кытай ЖМКлары жазды. Машыгуулар 4-августтан 7-августка чейин созулат.
21:10 02.08.2022
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы Суншань авиабазасына конгон. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алып, окуяны CTI TV телеканалы түз алып көрсөтүүдө. Андагы маалыматка караганда, Пелоси учактан кызгылт түстөгү костюм кийип, бетине медициналык бет кап тагынып түштү.
21:02 02.08.2022
Тайванга келген Пелоси учактан түштү
20:45 02.08.2022
Flightradar: Пелоси бортунда болушу мүмкүн делген Американын атайын борту Тайвандын административдик борбору болуп эсептелген Тайбэй шаарына конду
20:34 02.08.2022
Кытайдын Су-35 үлгүсүндөгү истребителдери Тайвань булуңуна бет алганын КЭРдин Борбордук телеканалы кабарлады.
20:31 02.08.2022
ЖМКлардын жазганына караганда, Ненси Пелоси бортунда болушу мүмкүн делген учак конууга кам көрүп, ылдыйлай баштады.
20:24 02.08.2022
Flightradar: ичинде Пелоси бар делген америкалык атайын борт Тайвандын аба мейкиндигине кирди
Сервистин маалыматына караганда, самолет азырынча ылдыйлай элек.
20:18 02.08.2022
Пелоси келет делген Тайвандын аэропортунда зениттик замбиректерди жаап турган маскировкалар алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Цзыю шибао" гезити жазды.
20:11 02.08.2022
ЖМК: Кытай Тайвань кысыгындагы жарандык учактар үчүн аймакты жаап жатат
20:08 02.08.2022
Flightradar Пелоси бара жатышы мүмкүн деген учактын коно турган жерин көрсөттү. Бул Тайвандын борбору болуп жатат.
Пелосинин борту Тайбэйге саат 20:44 чамасында (Бишкек убактысы боюнча) конушу күтүлүүдө.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин эскертүү берди.
“Эгер АКШ башкалардын ою менен эсептешпестен иш кыла турган болсо, Кытай суверендүүлүк менен коопсуздук үчүн сөзсүз түрдө чечкиндүү, катуу чараларды көрөт”, - деди ал.
20:01 02.08.2022
Соцтармактан алынган кадрларда көрүнүп тургандай, Сямынь порттук шаарынын көчөлөрү кытайлык ок өтпөс техникага толгон.
Видео тартылган Фуцзянь провинциясы Тайванга жакын. Божомолдор боюнча ал жакка учурда Пелоси бара жатат.
19:43 02.08.2022
NHK: Окинавадагы (Япония) америкалык базадан сегиз даана F15 истребители жана май куйган беш учак абага көтөрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0