00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай Тайвандын айланасында масштабдуу машыгууларды баштады

© AP Photo / Kin CheungЦинчжоу ракеталык фрегатынын палубасында кытайлык моряктар. Архив
Цинчжоу ракеталык фрегатынын палубасында кытайлык моряктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
Нэнси Пелосинин сапары Тайвань булуңундагы чыңалууга түрткү болду. Пекин 4-7-августта аскердик машыгуулар болорун жарыялоодон тышкары Тайвандын эки фондуна санкция киргизди.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кытайдын Элдик-боштондук армиясы Тайвандын айланасында масштабдуу машыгууларын баштады. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берип РИА Новости билдирди.
АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге сапарына жооп иретинде жасалган машыгуулар бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) аралдын тегерегиндеги алты аймакта башталды. Ал жекшемби күнү түшкө чейин уланат.
Кытай тарап машыгуу өтүп жаткан аймактардагы кемелер менен учактарга акваторияга жана аба мейкиндигине кирбөө тууралуу эскертүү берди.
Ал эми Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Тайвань иштери боюнча кеңсесинин өкүлү Ма Сяогуан Пелосинин Тайванга сапарын "демократия менен эркиндикти бузуу" деп баалады.
"Бул нерсе Кытайдын суверенитети жана аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети болуп калды", — деди Ма Сяогуан.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барган. Ал сапарга кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга келиши "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Пелоси учуп келе жаткан учакты Кытай истребителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок. Пелосинин Тайванга сапары кечээ, 3-августта, аяктаган.
Пелосинин сапары Тайвань булуңундагы чыңалууга түрткү болду. Пекин 4-7-августта аскердик машыгуулар болорун жарыялоодон тышкары Тайвандын эки фондуна санкция киргизди. Мындан тышкары, Тайвандан цитрус жемиштерин жана балык азыктарынын айрым түрлөрүн импорттоону токтотту.
Тышкы иштер министрлиги Кытай катаал чараларды көрүүгө ниеттенип жатканын, Пекин бир нече айдан бери каршы болуп келген визиттин бардык терс кесепеттери али алдыда экенин ачыктады.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын президенти Цай Инвэндин жанында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
БУУнун башкы катчысы Пелосинин Тайванга барышы боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0