https://sputnik.kg/20220809/uluttuk-kitepkana-sanaripteshtiruu-adabiyat-okurman-bilet-1066634155.html
Сүйөркулова: электрондук китептер — азыркы жаштардын суроо-талабы
Сүйөркулова: электрондук китептер — азыркы жаштардын суроо-талабы
Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмонов атындагы КР улуттук китепканасынын директорунун жаңы технологиялар боюнча орун басары Элмира Сүйөркулова өлкөдө китепкана ишин өнүктүрүүнүн... 09.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-09T09:51+0600
2022-08-09T09:51+0600
2022-08-09T09:51+0600
радио
китепкана
окурман
санариптештирүү
билим
https://sputnik.kg/img/07e6/08/09/1066635620_0:104:3067:1829_1920x0_80_0_0_02bc5d5cf8e43fd7b346387d3d42a916.jpg
Сүйөркулова: электрондук китептер — азыркы жаштардын суроо-талабы
Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмонов атындагы КР улуттук китепканасынын директорунун жаңы технологиялар боюнча орун басары Элмира Сүйөркулова өлкөдө китепкана ишин өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
2021 жана 2022-жылдары Улуттук китепкананын үчтөн кызматкери тажрыйба алуу максатында Россиянын мамлекеттик китепканасына барып окуп келишти. Ал жактагы жаңы технологияларды көрүп, түзүлгөн шарттарды үлгү иретинде колдонууну көздөп жатабыз. Себеби азыркы жаштардын талабы китепканага келип отурбай аралыктан электрондук китептерди окуу болуп жатат. Бул тууралуу Элмира Сүйөркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Улуттук китепкана китептерди санариптештирүү боюнча чоң иш алып барууда.Ал жыл сайын Улуттук китепканага 70 миңге жакын окурман келерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/09/1066635620_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_87ec1e6ade27366017221ad6366f91f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
китепкана, окурман, санариптештирүү, билим, аудио
китепкана, окурман, санариптештирүү, билим, аудио
Сүйөркулова: электрондук китептер — азыркы жаштардын суроо-талабы
Алыкул Осмонов атындагы КР улуттук китепканасынын директорунун жаңы технологиялар боюнча орун басары Элмира Сүйөркулова өлкөдө китепкана ишин өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
2021 жана 2022-жылдары Улуттук китепкананын үчтөн кызматкери тажрыйба алуу максатында Россиянын мамлекеттик китепканасына барып окуп келишти. Ал жактагы жаңы технологияларды көрүп, түзүлгөн шарттарды үлгү иретинде колдонууну көздөп жатабыз. Себеби азыркы жаштардын талабы китепканага келип отурбай аралыктан электрондук китептерди окуу болуп жатат. Бул тууралуу Элмира Сүйөркулова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук китепкана китептерди санариптештирүү боюнча чоң иш алып барууда.
"Биздин фондуда алты миллионго жакын китеп бар. Бүгүнкү күндө 13 миңге жакынын санариптештирдик, азыр да иш уланууда. Мындан тышкары, сайттын колдонуучуларына каалаган убакта керектүү нерселерди окуй алуу мүмкүнчүлүгүн түздүк. Учурда сайтка беш миңдей китеп киргизилди. Онлайн окуу үчүн окурмандык билет менен чогуу логин, пароль берилет. Үч жылдык окурмандык билеттин баасы болгону 100 сом. Ошондой эле китепканада жылына 1000ден ашык иш-чара өткөрүлөт. Бул жазуучулар, акындар менен жолугушуулар, поэзия кечелери. Андан сырткары, улуттук маданият күндөрү өткөрүлүүдө. Китепкана түнү да салтка айланган иш-чара, бул чек эмес. Окурмандарды дагы көбүрөөк тартуу үчүн чыгармачылык иш-чараларды өткөрүү пландалууда", — деди Сүйөркулова.
Ал жыл сайын Улуттук китепканага 70 миңге жакын окурман келерин кошумчалады.