https://sputnik.kg/20220816/rossiya-aksh-ozoktuk-sogush-5-milliard-kishi-olot-1066804992.html
ЖМК: Россия менен АКШ өзөктүк согушка өтсө 5 млрд. адамдын өмүрү кыйылат
ЖМК: Россия менен АКШ өзөктүк согушка өтсө 5 млрд. адамдын өмүрү кыйылат
Sputnik Кыргызстан
Өзөктүк согуш болгон учурда шаарларга жана өнөр жай аймактарына багытталган бомбалар өрт чыгарат. Жердин климаты ондогон жылдарга чейин бузулат. 16.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-16T10:09+0600
2022-08-16T10:09+0600
2022-08-16T11:37+0600
дүйнөдө
россия
акш
өзөктүк согуш
кесепет
жер
өлүм
кыйроо
ачарчылык
кризис
https://sputnik.kg/img/07e6/08/10/1066802905_0:0:3097:1742_1920x0_80_0_0_06b820673a0d4db59132cf314dbf4aeb.jpg
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия менен АКШнын ортосунда толук масштабдуу өзөктүк согуш чыгып кетсе беш миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ратгерс университетинин окумуштуулары дүйшөмбү күнү жарыяланган изилдөөсүндө ушундай жыйынтыкка келишкенин РИА Новости жазды.Андай болгон учурда 360 миллион адам түздөн-түз өзөктүк снаряддын жарылуусунан каза таап, ал эми 5 миллиарддан ашык адам кырсыктан кийинки ачарчылыктын курмандыгы болору айтылат. Тирүү калган адамдар зарыл болгон минималдуу тамак-аш менен камсыз кылынат, бирок эл аралык соода токтойт."Өзөктүк согуш болгон учурда шаарларга жана өнөр жай аймактарына багытталган бомбалар өрт чыгарат. Жердин климаты ондогон жылдарга чейин бузулуп, жер үстүндөгү жана океандардагы тамак-аш өндүрүшүнүн системасына кесепетин тийгизет", — деген бүтүмгө келишти авторлор.Кремль буга чейин Россиянын өзөктүк курал колдонуу планы жок экенин билдирген. Тышкы иштер министри Сергей Лавров апрелде өзөктүк согуштун "өтө олуттуу" тобокелдиктери тууралуу айтып, бирок Россиянын принципиалдуу позициясы өзөктүк куралды колдонууга жол бербестигин билдирген.
https://sputnik.kg/20220815/zaporozhe-aes-zhaka-belinde-zharyluu-1066799794.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/10/1066802905_183:0:2914:2048_1920x0_80_0_0_a7eeacdd06cee01470795aa6eb532c28.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, өзөктүк согуш, кесепет, жер, өлүм, кыйроо, ачарчылык, кризис
дүйнөдө, россия, акш, өзөктүк согуш, кесепет, жер, өлүм, кыйроо, ачарчылык, кризис
ЖМК: Россия менен АКШ өзөктүк согушка өтсө 5 млрд. адамдын өмүрү кыйылат
10:09 16.08.2022 (Жаңыртылды: 11:37 16.08.2022) Өзөктүк согуш болгон учурда шаарларга жана өнөр жай аймактарына багытталган бомбалар өрт чыгарат. Жердин климаты ондогон жылдарга чейин бузулат.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия менен АКШнын ортосунда толук масштабдуу өзөктүк согуш чыгып кетсе беш миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ратгерс университетинин окумуштуулары дүйшөмбү күнү жарыяланган изилдөөсүндө ушундай жыйынтыкка келишкенин
РИА Новости жазды.
"Биз АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк согуштун натыйжасында 5 миллиарддан ашык адам өлүшү мүмкүн деп эсептейбиз. АКШ жана анын союздаштарынын Россия менен согушу дүйнөдөгү өзөктүк арсеналдын 90 пайыздан ашыгын колдонууга алып келиши мүмкүн. Мунун натыйжасында атмосферага 150 тераграммдан ашык (165 миллион тоннадан ашык) көө чыгып, планетаны каптап калат", — деп айтылат маалыматта.
Андай болгон учурда 360 миллион адам түздөн-түз өзөктүк снаряддын жарылуусунан каза таап, ал эми 5 миллиарддан ашык адам кырсыктан кийинки ачарчылыктын курмандыгы болору айтылат. Тирүү калган адамдар зарыл болгон минималдуу тамак-аш менен камсыз кылынат, бирок эл аралык соода токтойт.
"Өзөктүк согуш болгон учурда шаарларга жана өнөр жай аймактарына багытталган бомбалар өрт чыгарат. Жердин климаты ондогон жылдарга чейин бузулуп, жер үстүндөгү жана океандардагы тамак-аш өндүрүшүнүн системасына кесепетин тийгизет", — деген бүтүмгө келишти авторлор.
Кремль буга чейин Россиянын өзөктүк курал колдонуу планы жок экенин билдирген. Тышкы иштер министри Сергей Лавров апрелде өзөктүк согуштун "өтө олуттуу" тобокелдиктери тууралуу айтып, бирок Россиянын принципиалдуу позициясы өзөктүк куралды колдонууга жол бербестигин билдирген.