https://sputnik.kg/20220817/kytaj-putin-pelosi-poziciya-baaloo-1066874382.html
Кытай Путиндин Пелосинин сапары боюнча позициясын жогору баалады
Кытай Путиндин Пелосинин сапары боюнча позициясын жогору баалады
Sputnik Кыргызстан
Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй... 17.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-17T16:04+0600
2022-08-17T16:04+0600
2022-08-17T16:05+0600
дүйнөдө
кытай
россия
владимир путин
нэнси пелоси
тайвань
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066869345_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4dd64c29316e6182916abcaf2ebf4e39.jpg
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары кылдаттык менен пландаштырылган чагымчылык болгон деген сөзүн Кытай жогору баалайт. Бул тууралуу КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинге шилтеме РИА Новости жазды.Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы эл аралык коопсуздук боюнча X конференцияда Пелосинин Тайванга сапары катардагы саясатчынын жоопкерчиликсиз сапары эмес, атайын пландаштырылган чагымчылык экенин айткан.Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечти.
https://sputnik.kg/20220811/aksh-tukurugu-tajvanga-ukraina-kejpin-kijgizet-1066685334.html
кытай
тайвань
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066869345_256:0:2987:2048_1920x0_80_0_0_b77fe79b8465e1061130eed13cd1e61c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, россия, владимир путин, нэнси пелоси, тайвань, саясат
дүйнөдө, кытай, россия, владимир путин, нэнси пелоси, тайвань, саясат
Кытай Путиндин Пелосинин сапары боюнча позициясын жогору баалады
16:04 17.08.2022 (Жаңыртылды: 16:05 17.08.2022) Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары кылдаттык менен пландаштырылган чагымчылык болгон деген сөзүн Кытай жогору баалайт. Бул тууралуу КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинге шилтеме
РИА Новости жазды.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы эл аралык коопсуздук боюнча X конференцияда Пелосинин Тайванга сапары катардагы саясатчынын жоопкерчиликсиз сапары эмес, атайын пландаштырылган чагымчылык экенин айткан.
"Кытай Россиянын президенти Владимир Путиндин позициясын жогору баалайт. Анын айткан сөздөрү Кытай менен Россиянын стратегиялык кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт. Ошондой эле Пелоси Тайванга баргандан бери 170тен ашык өлкө өзүнүн калыстыгын билдирип, "бирдиктүү Кытай" принцибине берилгендигин ырастады", — деди Ван Вэньбинь.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечти.