https://sputnik.kg/20220823/kyrgyzstan-pfizer-kachan-sajdyrsa-bolot-1067070091.html
Кыргызстанда Pfizer вакцинасын качан сайдырса болору айтылды
Кыргызстанда Pfizer вакцинасын качан сайдырса болору айтылды
Sputnik Кыргызстан
Вакцина 7-августта эле келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен препараттар эриткичи жок жеткирилген. 23.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-23T09:15+0600
2022-08-23T09:15+0600
2022-08-23T09:15+0600
кыргызстан
pfizer вакцинасы
вакцина
эмдөө
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0f/1066799261_0:159:3079:1890_1920x0_80_0_0_e0e8b936be4d299b96855cbdd20171d8.jpg
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстанга 28-августта коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери келет, ошондон кийин препарат менен эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынан 100 620 доза вакцина келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен вакциналар эриткичи жок жеткирилген.Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган. Препараттын натыйжалуулугу 95 пайызды түзөрү айтылат. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң башталат. Бирок толук кандуу коргоону камсыз кылуу үчүн эки дозаны алуу зарыл, ДССУ аларды 21-28 күн аралыгында сайдырууну сунуштайт.
https://sputnik.kg/20220818/covid-infekciyasyn-kajra-zhukturuu-kooptuu-1066885355.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0f/1066799261_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_3462b75ac32145b9d2ebc0de2bfb5f6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, pfizer вакцинасы, вакцина, эмдөө
кыргызстан, pfizer вакцинасы, вакцина, эмдөө
Кыргызстанда Pfizer вакцинасын качан сайдырса болору айтылды
Вакцина 7-августта эле келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен препараттар эриткичи жок жеткирилген.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстанга 28-августта коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери келет, ошондон кийин препарат менен эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.
Эскерте кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынан 100 620 доза
вакцина келген. Бирок түшүнүксүз себептер менен вакциналар эриткичи жок жеткирилген.
"Ошол убакыттан бери себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Шприцтер өлкөгө 23-24-августта, ал эми эриткичтери 28инде келет. Андан кийин биз вакциналарды эриткичтери менен аймактарга жөнөтөбүз. Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунан сайдырууга болот", — деп жазылган маалыматта.
Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган. Препараттын натыйжалуулугу 95 пайызды түзөрү айтылат. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң башталат. Бирок толук кандуу коргоону камсыз кылуу үчүн эки дозаны алуу зарыл, ДССУ аларды 21-28 күн аралыгында сайдырууну сунуштайт.