00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Билимдүүлөр коомчулукта татыктуу ордун таба алат. Жапаровдун куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Жапаров баланын билим алуусуна мамлекет, мугалимдер жана ата-эне биргелешип салым кошо аларын билдирген.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне — баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезим-туюмдар жаралат. 1-сентябрь айрыкча окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан бул күнү республиканын бардык окуу жайлары эшигин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат", — деген Жапаров.

Президент билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим жана туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл экенин белгилеген.
"Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз", — деген өлкө башчы.
Жапаров баланын билим алуусуна мамлекет, мугалимдер жана ата-эне биргеликте салым кошо аларын билдирген.

"Кымбаттуу окуучулар! Кыргызстаныбыздын, эл-жерибиздин жаркын келечеги ар бириңердин жоопкерчилигиңерге жараша болот. Силердин татыктуу тарбия, терең билим алууңар мамлекеттин келечегине кошкон чоң салымыңар. Таалим-тарбиялуу, билимдүү жаштар гана алдына конкреттүү максат коюп, турмуш жолуна ишенимдүү чыйыр салып, коомчулукта татыктуу ордун таба алат. Мен силердин Кыргызстандын келечегин көрө алган, ага ишенген, Ата Журтуна салым кошкон уул-кыздарыбыздан болуп чыгарыңарга бекем ишенем!" — деген президент.

Ал кыргызстандыктарга чың ден соолук, бекем эрк, бийик максаттарды коюуну, талбай эмгектенүүнү каалаган.
Форумдун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Бишкекте директорлор сынагынан 42 киши өттү. Аты-жөнү жана мектептер
Жаңылыктар түрмөгү
0