Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү: үч шектүү тең камалды
21:04 06.09.2022 (Жаңыртылды: 23:18 06.09.2022)
![Кишенчен адамдар. Архив Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022](https://sputnik.kg/img/101637/62/1016376286_0:195:2946:1852_1920x0_80_0_0_2ca813b556c96a37c04142e6ccecaa6f.jpg)
© Sputnik / Евгений Биятов
/ Жазылуу
Чечимди Кадамжай райондук соту чыгарганы маалым болду. Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алышы керектигин айткан.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды
![Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e6/09/06/1067583989_21:0:629:405_600x0_80_0_0_9671fc11773ab473a3593da2298abe4d.jpg)
1/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган
![Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e6/09/06/1067584022_21:0:630:406_600x0_80_0_0_49fce5333311bc3abae0fe182ec07107.jpg)
2/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган
![Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e6/09/06/1067584044_21:0:630:406_600x0_80_0_0_939d9fdcf245928a9a7ed671e01ef281.jpg)
3/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган
1/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды
2/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган
3/3
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган
Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган.
"Шектүүлөрдү эки айга камоо туурасында прокуратура сунуштама берген. Тергөөчү аны канааттандырды. Үч шектүү тең Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Козголгон иш учурда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө турат. Белгилей кетсек, үч шектүүнү тең өмүр бою эркинен ажыратуу каралат", — деп билдирди ал.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.