https://sputnik.kg/20220908/kytaj-kyrgyzstan-sportchu-koldoo-1067652190.html
Кытай Кыргызстандын олимпиада спортчуларына 1,1 млн. сом бөлүүнү пландап жатат
Кытай Кыргызстандын олимпиада спортчуларына 1,1 млн. сом бөлүүнү пландап жатат
Sputnik Кыргызстан
Маданият жана спорт министри Кытай дипломаты менен жолуккан. 08.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-08T11:19+0600
2022-09-08T11:19+0600
2022-09-08T11:20+0600
кыргызстан
кытай
олимпиада
спортчу
колдоо
каражат
https://sputnik.kg/img/07e6/09/08/1067650857_0:74:961:614_1920x0_80_0_0_650797af040663138bce079bf8bbe354.jpg
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кытай элчилиги Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрүн аркалагандарды колдоо максатында 1 миллион 180 миң сом (110 миң юань) бөлүүнү пландаштырууда.Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, Азамат Жаманкулов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуу өткөргөн.Анда дипломат бул спортчуларга материалдык колдоо болорун белгилеген. Жаманкулов өз кезегинде кыргыз тарап элчилик көрсөткөн жардамды жогору баалай турганын айтып, каражат кайда сарпталарын Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен кеңешкен соң маалымдап коюуну убадалаган.
https://sputnik.kg/20220907/rossiya-kyrgyzstan-futbol-bettesh-stadion-1067636398.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/08/1067650857_52:0:905:640_1920x0_80_0_0_1bcae8f48e1e8c54277f2e49662f7a3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кытай, олимпиада, спортчу, колдоо, каражат
кыргызстан, кытай, олимпиада, спортчу, колдоо, каражат
Кытай Кыргызстандын олимпиада спортчуларына 1,1 млн. сом бөлүүнү пландап жатат
11:19 08.09.2022 (Жаңыртылды: 11:20 08.09.2022) Маданият жана спорт министри Кытай дипломаты менен жолуккан.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кытай элчилиги Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрүн аркалагандарды колдоо максатында 1 миллион 180 миң сом (110 миң юань) бөлүүнү пландаштырууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, Азамат Жаманкулов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуу өткөргөн.
Анда дипломат бул спортчуларга материалдык колдоо болорун белгилеген. Жаманкулов өз кезегинде кыргыз тарап элчилик көрсөткөн жардамды жогору баалай турганын айтып, каражат кайда сарпталарын Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен кеңешкен соң маалымдап коюуну убадалаган.