00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жекшенов: ушул жылдын сегиз айында Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Жекшенов
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Жекшенов мекеме 20дай кесиптик лицей менен кызматташарын айтты.
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жарандарга иш таап берүү максатында JIA бизнес-ассоциациясы менен кызматташат. Ал бирикмеге миңден ашык иш берүүчү кирет. Биз алар менен сүйлөшүп, жетишсиз кадрларды даярдап берүүгө аракет кылабыз. Бул тууралуу Талант Жекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жекшенов: ушул жылдын сегиз айында Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды
Анын айтымында, акы төлөнүүчү иш-чараларга 665 адам жөнөтүлсө, ал эми учурда 90 жаран жумушсуздук жөлөк пулун алат.
"2022-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды. Бул жарандардын арасынан жумуш менен камсыз кылуу максатында 1 395 адам окуудан жана кайра окутуудан өткөрүлдү. Анын ичинен 1 335 адам окуусун ийгиликтүү аяктап, 867си жумуш менен камсыздалды. Окутуп гана тим болбостон, аларды дароо жумуш менен камсыздоо — биздин башкы максат. Ошондуктан алгач окуу жайлар арасында курстар боюнча тендер өткөрүп жатканда алардын окутуу базасын, иш берүүчүлөр менен байланыштарын карайбыз. Биз үчүн адамдар теориядан тышкары практикалык окуудан да өтүшү маанилүү. Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы эмгек рыногун анализдеп, кайсы кесипке суроо-талап жогору болсо ошол тармактагы курстарды уюштурат. Акыркы учурда сулуулук индустриясындагы мастерлерге (каш, тырмак жасаган мастер, чачтарач, укалоочу) муктаждык жаралып жатат. Андан тышкары, жарандар айдоочулук, бухгалтер, косметолог жана IT курстарында окушту", — деди Жекшенов.
Ал Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы "Жаштар практикасы" пилоттук инструментин киргизип, окуусун жаңы аяктаган жаштарды иш тажрыйба топтоо үчүн стажировкага жөнөтүп, ай сайын 1800 сом төлөп беришкенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0