00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгиленет

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКР эл артисти Муса Баетов. Архив
КР эл артисти Муса Баетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Жазылуу
Иш-чаранын программасы жакын арада бекитилери маалым болду.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри КР эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгилене турганын билдирди.
Ага ылайык, министрликте бул боюнча жыйын өтүп, анда иш-чаранын планы талкууланган.
"Сунуш-пикирлердин негизинде бекитилген программа коомчулукка жакын арада таратылат", — деп айтылат маалыматта.
Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Учурда залкар таланттын ысымы райондун борборуна берилип, Дөрбөлжүн айылы Муса Баетов болуп аталган.
Муса Баетов Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына, кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, туңгуч солист болот. Андан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солисттик кызматка которулуп "Айчүрөк" операсында Сыргактын, "Манас" операсында Алмамбеттин партияларын аткарган.
1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Кремлдин сарайында 5-июнда өткөн, Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыгып, өзүнүн өзгөчө талант экендигин көрсөткөн. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен. Ал кыргыз маданиятына гармонь инструментин аралаштырган.
Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына ырчынын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары жазылып калган.
Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун кызы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ракыя Баетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Муса Баетовдун кызы: атам каза болгондон кийин өгөй эненин таягын көп жедим
Жаңылыктар түрмөгү
0