Кыргызстанда бензин, көмүр канчадан болууда? Соңку маалымат
![Күйүүчү май куйуучу жай. Архив Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022](https://sputnik.kg/img/104726/93/1047269315_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_186e95df63a04d466e8afc46b63c5754.jpg)
© Sputnik / Константин Михальчевский
/ Жазылуу
Күйүүчү майдын бардык түрү бир аз арзандаган.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бензин арзандап, көмүр салыштырмалуу кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Аталган кызмат бир жума ичинде (14-сентябрдан 21-сентябрга чейин) социалдык маанилүү деген товарлардын баасында кандай өзгөрүү болгонун карап чыккан.
Күйүүчү майдын баасы:
бензин А-80 — бир литри 56,5 сом (баа өзгөргөн эмес);
бензин А-92 — 61,9 (0,2 сомго арзандады);
дизель майы — 76,7 (0,1 сомго арзандады);
автогаз — 31,6 (0,5 сомго арзандады);
суюлтулган газ (10 кг салмактагы баллон) — 740,8 (1,3 сомго арзандады);
жергиликтүү көмүр — бир тоннасы 4958,3 (108,3 сомго кымбаттады);
импорттолгон көмүр — 5 762 сом (баасы өзгөргөн эмес).