https://sputnik.kg/20220929/vice-mer-baktybek-abdiev-karmaldy-1068449094.html
Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды
Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды
Sputnik Кыргызстан
Абдиев Мамкурулушту жетектеп турганда оорукана куруп жатып 13,5 миллион сом кымырып алганы айтылууда. 29.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-29T17:45+0600
2022-09-29T17:45+0600
2022-09-29T21:46+0600
кыргызстан
окуялар
кармоо
бактыбек абдиев
оорукана
курулуш
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1d/1068459242_0:63:900:569_1920x0_80_0_0_e7514dc036e654d41a12ede403c2f84b.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары Мамкурулуштун мурдагы директору, Бишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.Ал аталган оорукананын имаратын куруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны конкурстук тандоо өткөрбөстөн туунду подрядчы менен 340 миллион сомго келишим түзгөнү үчүн айыпталууда.Буга байланыштуу Мамкурулуштун мурдагы директору Бактыбек Абдиев, департаменттин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженер Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалган.Абдиев катуу ооруп калгандыгына байланыштуу 29-сентябрда Биринчи май райондук соту үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эми башка кызматкерлер бир айга тергөө абагына киргизилген.Мындан тышкары, УКМК 13,5 миллион сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын орду подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен толтурулганын белгиледи. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
https://sputnik.kg/20220929/sulajmanov-boyuncha-maalymat-1068444669.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1d/1068459242_100:0:900:600_1920x0_80_0_0_d009ffa65d2a3f801fae68ddd5130726.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, кармоо, бактыбек абдиев, оорукана, курулуш
кыргызстан, окуялар, кармоо, бактыбек абдиев, оорукана, курулуш
Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды
17:45 29.09.2022 (Жаңыртылды: 21:46 29.09.2022) Абдиев Мамкурулушту жетектеп турганда оорукана куруп жатып 13,5 миллион сом кымырып алганы айтылууда.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары Мамкурулуштун мурдагы директору, Бишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Ал аталган оорукананын имаратын куруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны конкурстук тандоо өткөрбөстөн туунду подрядчы менен 340 миллион сомго келишим түзгөнү үчүн айыпталууда.
"Жасалган иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албоо, бүтпөгөн жумуштарга акы төлөө жана башка финансылык тартип бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Мамкурулуштун мурдагы директору Бактыбек Абдиев, департаменттин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженер Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалган.
Абдиев катуу ооруп калгандыгына байланыштуу 29-сентябрда Биринчи май райондук соту үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эми башка кызматкерлер бир айга тергөө абагына киргизилген.
Мындан тышкары, УКМК 13,5 миллион сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын орду подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен толтурулганын белгиледи. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.