00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ташиев колдоду. Сатыбалдиев эмнеге "Ата-Журт Кыргызстандан" чыкканын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Элмурза Сатыбалдиев
Депутат Элмурза Сатыбалдиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
Депутат бүгүн эртең менен Ташиев келип фракциянын жыйынына катышканын айтты.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бир мандаттуу округдан шайланган 14 депутаттын "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан бөлүнүп чыгышын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев колдоду. Бул туурасында жаңы түзүлгөн "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Эл өкүлү Ташиев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын түптөөчүсү экенин ырастап, бүгүн эртең менен ал фракциянын жыйынына катышканын айтты.

"Ич ара талаш-тартыш болгон жок. Фракцияда 33 депутат көп болуп кетет экен деп, бөлүнүп иштеп көрөлү дедик. Жыйында биз ушуну сунуштадык, ал (Камчыбек Ташиев — ред.) туура тапты. Камчыбек Кыдыршаевич өзү түптөгөн партиясынын — фракциясынын жыйынына келип катышты. Биздин сунушка каршы чыккан жок, тескерисинче, колдоп койду", — деди Сатыбалдиев.

Мындан улам журналисттер "Ташиевдин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына тиешеси барбы?" деп тактап сурашты.
Анда депутат 2007-жылы эле Ташиев "Ата-Журт" партиясын негиздегенин, соңку шайлоодо күчтөп "Ата-Журт Кыргызстан" деп алып чыкканын айтты. Ал эми жаңы түзүлгөн "Мекенчил" депутаттык тобунун президент Садыр Жапаровдун "Мекенчил" партиясына тиешеси жоктугун белгиледи.
"Биз "Патриот" деп атайлы дегенбиз. Анан бир-эки депутат ал орусча сөз, кыргызчага которуп "Мекенчил" деп аташ керектигин талап кылды. Ал партия, биз депутаттык топ түздүк", — деди Сатыбалдиев.
Белгилей кетсек, бүгүн бир мандаттуу округдан шайланган 14 депутат "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан кайра чыкканын жарыялаган.
Депутат Бактыбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Бактыбек Сыдыков "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болду
Жаңылыктар түрмөгү
0