00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысы Норов менен жолукту. Эмне кеп болду?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Норов эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирген.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады
Официальный визит в Бишкек главы МИД Узбекистана Владимира Норова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кызматташуу жолдорун талкуулады
Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
"Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду", — деп айтылган маалыматта.
Норов Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин саламын айткан.
Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирген. Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.
"Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди", — деп билдирди маалымат кызматы.
Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткенин КР ТИМи билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0