Коргоо министрлиги: армияда жанын кыйгандардын көбү — толук эмес бүлөдө өскөндөр
17:25 21.11.2022 (Жаңыртылды: 17:26 21.11.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековАрмиядагы аскерлер. Архив
![Армиядагы аскерлер. Архив Армиядагы аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022](https://sputnik.kg/img/101925/30/1019253047_0:0:3936:2214_1920x0_80_0_0_de9d2533315676dbbc541077186163b9.jpg)
Жазылуу
Депутат жоокерлер кызмат өтөөдө эмнеден кыйналып жатышканына кызыкты.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов асынып же атынып алган аскер кызматкерлери эмнеге көбөйүп жатканын сурады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов
![Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/0a/14/1069173711_0:0:1280:853_1920x0_80_0_0_dacff70c3103ecf95c4b6c70b14da8a4.jpg)
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Ага жооп берген коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов статистикага таянып, мурдагы 5-10 жылга салыштырмалуу өз жанын кыйгандар азайып жатканын билдирди.
Депутат андай болсо жоокерлер кызмат өтөөдө эмнеден кыйналып жатышканына кызыкты.
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРМитинг-реквием, посвященный 36-летию аварии на ЧАЭС в Бишкеке
![Митинг-реквием, посвященный 36-летию аварии на ЧАЭС в Бишкеке Митинг-реквием, посвященный 36-летию аварии на ЧАЭС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/04/1a/1063946178_0:0:3073:2048_1920x0_80_0_0_1411da7dc94b701e0366e90ca68e8712.jpg)
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
"Биздин анализдин негизинде тамак-аштан, кийим-кечеден кыйынчылыктар болгон жок. Мектептеги аскерге чейинки даярдыктарда болуп жатабы деп эсептейм. Психологиялык жактан даяр эмес. Терс көрүнүштөргө токтоло кетсек, бул толук эмес үй-бүлөлөрдө чоңойгон балдарда болууда. Ошондуктан психологиялык туруктуулугу жактанбы деп ойлоп жатабыз. Ал боюнча алдын алуу жумуштарын күчөттүк", — деди Карасартов.