https://sputnik.kg/20221128/akaev-aydarbekov--chet-lkg-ketkenin-aytty-1070457528.html
Акаев Айдарбеков каякка, эмнеге кеткенин айтты
Акаев Айдарбеков каякка, эмнеге кеткенин айтты
Sputnik Кыргызстан
Жекшемби күндөн бери депутаттын дайыны чыкпай жаткан. 28.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-28T15:44+0600
2022-11-28T15:44+0600
2022-11-28T15:46+0600
кыргызстан
саясат
чыңгыз айдарбеков
жанар акаев
ден соолук
чет өлкө
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069124153_71:399:3002:2048_1920x0_80_0_0_b7ad2b8c895ca1a63c374d4851fed0c7.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө кеткенин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирди.Ал кесиптеши сыртка чыгып ден соолугун карата турганын белгиледи.Белгилей кетсек, 26-ноябрда "Альянс" фракциясынын депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев коңшу өлкөгө тажияга бараткан. "Ак-Жол" чек ара бекетинен Жамгырчиевди өткөрбөй, ага мамлекеттен чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Андан соң УКМК кызматкерлери аны алып кетип, бир нече убакыттан кийин бошоткон.Эртеси депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун дайыны чыкпай жатканын билдирген. Коомчулукта депутат кармалды деген кептер айтылган. Бирок маалыматты УКМК төгүндөп, Айдарбеков чек арадан Казакстанга өтүп кеткенин кабарлаган.Ал эми Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат бере турганын белгиледи.
https://sputnik.kg/20221126/sadyr-zhaparov-zhyldyzkan-zholdoshevaga-zhoop-berdi-1070372798.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069124153_603:257:2753:1870_1920x0_80_0_0_b71bf50eab3f9a33eb3aa74b31927b70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, чыңгыз айдарбеков, жанар акаев, ден соолук, чет өлкө
кыргызстан, саясат, чыңгыз айдарбеков, жанар акаев, ден соолук, чет өлкө
Акаев Айдарбеков каякка, эмнеге кеткенин айтты
15:44 28.11.2022 (Жаңыртылды: 15:46 28.11.2022) Жекшемби күндөн бери депутаттын дайыны чыкпай жаткан.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө кеткенин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирди.
Ал кесиптеши сыртка чыгып ден соолугун карата турганын белгиледи.
"Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем", — деди Акаев.
Белгилей кетсек, 26-ноябрда "Альянс" фракциясынын депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев коңшу өлкөгө тажияга бараткан. "Ак-Жол" чек ара бекетинен Жамгырчиевди өткөрбөй, ага мамлекеттен чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Андан соң УКМК кызматкерлери аны алып кетип, бир нече убакыттан кийин бошоткон.
Эртеси депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун
дайыны чыкпай жатканын билдирген. Коомчулукта депутат кармалды деген кептер айтылган. Бирок маалыматты УКМК төгүндөп, Айдарбеков чек арадан
Казакстанга өтүп кеткенин кабарлаган.
Ал эми Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат бере турганын белгиледи.
26 Жетинин айы 2022, 16:50