00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк эсептик ченди төмөндөттү. Элге кандай таасир этет?

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАдам пайыздын сүрөтүн фонунда өтүп жатат. Архив
Адам пайыздын сүрөтүн фонунда өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Март айында эсептик чен 10 пайыздан 14кө чейин жогорулаган.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Улуттук банктын башкаруучулугу дүйшөмбү күнү эсептик ченди 14 пайыздан 13кө түшүрүү чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, 10-мартта башкы банктын эсептик чени (Улуттук банк коммерциялык банктарга берген акчанын пайызы) 10 пайыздан 14кө чейин өскөн. Ставканы инфляцияны кармап туруу үчүн көтөрөт деген менен экономикалык активдүүлүк төмөндөйт, себеби кредиттер кымбаттайт (адатта депозиттин ставкалары да көтөрүлөт). Эсептик чендин жардамы менен рыноктук ставкага таасир этет, муну менен керектөөгө жана сактоого шарт түзүлөт. Ошого карап коммерциялык банктар депозиттердин баасын аныктайт.
"18-ноябрга карата маалыматка караганда, жылдык инфляция 15,4 пайыздан 14,5 пайызга чейин төмөндөгөн. Кыргызстандагы инфляциянын темпи басаңдаганы байкалууда. Ошого карабай глобалдуу конъюнктура бүдөмүк бойдон калууда, ал эми азык-түлүккө, энергетикалык продукцияларга жана башка товарларга дүйнөлүк баа акырындап төмөндөгөнү менен жогорку деңгээлде сакталып турат", — деп жазылат маалыматта.
Октябрь айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө реалдуу ИДПнын өсүшү 7 пайызды түздү. Экономикалык жигердүүлүк өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлору тарабынан колдоого алынган. Мамлекеттик чыгашалардын жогорулашы жана өлкөгө акча которуулар ички суроо-талаптын өсүшүнө таасирин тийгизет.
"Мындай шартта монетардык саясат мурдагыдай эле инфляциялык процесстерди ооздуктоого багытталган. Жалпысынан акча-кредиттик шарттар нейтралдуу бойдон калды. Ар кандай кырдаалга карабастан улуттук валютага жасалган басымды азайтуу, банк секторундагы ресурстук базаны жогорулатуу жана кредиттөө экономикасынын өсүшү үчүн шарт түзүлдү. Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 13 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле түзүлгөн жагдайларга туруктуу негизде көз салып турат жана муктаждык жаралса баанын туруктуулугун сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт", — деп билдирди Улуттук банк.
2023-жылы да инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлүүдө.
Эсептик чен маселеси боюнча кезектеги жыйын 30-январга белгиленди.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Кыргызстандыктар банктарга жалпысынан 227 млрд. сом карыз
Жаңылыктар түрмөгү
0