00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыялына жетпей калган... Саякбай манасчы менен Болот Шамшиевдин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из личного архива Болота Шамшиева
Солдо отурган атактуу манасчы Саякбай Каралаев, ортодо айылдык жаш балдар, оң жакта турган кинорежиссер Болот Шамшиев, камера кармаган киночулардын сүрөтү 1965-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.
Ал жылы жаңы эле Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин бүтүп келген Шамшиев "Манасчы" тасмасын тартууга киришкен. Анда Каралаев 70ке таяп калса, Шамшиев 22 жашта эле.
Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев ал кезди мындайча эскерет:
"Атам Балыкчы шаарынан Каралаевге кезиккенден кийин бул темага кызыгуусу арткан. Ошол "Чабан", "Манасчы" фильмдери аркылуу элге таанылды. Кийин 26 жашында казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасынын негизинде фильм тартууга бел байлаган. Жаш бала уят болуп калат деп ойлогондор да жок эмес эле. Казактын киночулары ал эмгектин үстүнөн иштөөгө даабай турган маал болчу. Атам жаш кезинде эле атак-даңкка ээ болуп, бир топ ийгиликтерди багындырды. Ар бир тасмасын тартар алдында изилдөө жүргүзүп, каармандарынын кийим-кечеси, баскан-турганы, кыймылына чейин талдап, архивдик документтер менен көп иштечү. Эски адамдарды издеп алыскы айылдарга чейин барчу. Көзү тирүү кезинде жасай турган иштери арбын болуп, көп нерсеге талпынып жүрдү. Анын эң чоң кыялы — Манас жөнүндө тасма тартуу эле. Акча издеп, катуу даярдык көрүп, дүйнөдөгү эң ири эпосту "Шакектер шаасы", "Аватар" тасмаларындай масштабдуу тартууну көксөгөн. Ошондой эле фильмди кесипкөйлүк менен жогорку деңгээлде жаратуу керектигин көп кеп кылчу. Манасты кыргыздар тартпаса, башка эч ким тартпайт дечү", — деди Шамшиев.
Кинокартина Ысык-Көлдүн Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүткөн. Чыккан жылы эле Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта гран-при алып, кийинки жылы Киев шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында сыйлыкка татыган.
Тема боюнча:
Ыбырай Туманов, Эркесары Бекбасаров, Абдылас Малдыбаев. Таберик сүрөт
Казак талаасындагы Жангорозова менен Чокморов. "Көк серектеги" таберик сүрөт
Самолетто репетиция кылган Сайра Кийизбаева. Опера ырчысынын таберик сүрөтү
Залкарлардын алдында ырдаган Токтосун Тыныбеков. 60 жыл мурунку таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0