https://sputnik.kg/20221221/kyrgyzstandyk-student-rossiyadagy-zhyl-synagynda-zhenuuchu-boldu-1071336123.html
Кыргызстандык кыз Россиядагы студенттер сынагында жеңүүчү болду
Кыргызстандык кыз Россиядагы студенттер сынагында жеңүүчү болду
Sputnik Кыргызстан
Россиянын улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат. 21.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-21T12:54+0600
2022-12-21T12:54+0600
2022-12-21T12:54+0600
россия
кыргызстан
сибирь
студент
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/15/1071334103_0:164:900:670_1920x0_80_0_0_bf7be18847875864477a3deaeb126183.jpg
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык "Жылдын студенти — 2022" конкурсунда "Жылдын чет элдик студенти" наамында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.Сыйлык тапшыруу салтанаты Москва шаарында 17-декабрда өттү. Аламанова Сибирь федералдык университетинде билим алып жатат. Үч тилде окуп, илимий жана коомдук иш менен алектенет. Ажар институттук, университеттик жана аймактык сынактардын тандоо этаптарынан өткөн. Конкурс өзү жөнүндө айтып берүү, иштиктүү сапаттарын тааныштыруу, Россия элдеринин маданиятын билүү, өз өлкөсүнүн маданиятын көрсөтүү бөлүмдөрүнөн турган.Россиянын "Жылдын студенти" деп аталган бул улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
https://sputnik.kg/20221205/kubanychbek-atambaev-romansiada-zhenuuchusu-boldu-1070700446.html
сибирь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/15/1071334103_0:0:900:676_1920x0_80_0_0_35453b706a56373d72d803aa2b1e6c10.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, сибирь, студент
россия, кыргызстан, сибирь, студент
Кыргызстандык кыз Россиядагы студенттер сынагында жеңүүчү болду
Россиянын улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык "Жылдын студенти — 2022" конкурсунда "Жылдын чет элдик студенти" наамында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
Сыйлык тапшыруу салтанаты Москва шаарында 17-декабрда өттү. Аламанова Сибирь федералдык университетинде билим алып жатат. Үч тилде окуп, илимий жана коомдук иш менен алектенет. Ажар институттук, университеттик жана аймактык сынактардын тандоо этаптарынан өткөн. Конкурс өзү жөнүндө айтып берүү, иштиктүү сапаттарын тааныштыруу, Россия элдеринин маданиятын билүү, өз өлкөсүнүн маданиятын көрсөтүү бөлүмдөрүнөн турган.
"Мен жаңы таасирлерди жана шыктануу алайын, күнүмдүк нерселерден өзгөчөлөнгөн тажрыйбага ээ болоюн деп келгем. Баарын көрдүм, алдым десем болот. Финал абдан маңыздуу болду, ал гана эмес чарчаганымды да сездим. Бирок аны менен кошо өзүмдүн номинациямда балдардан, эксперттерден, уюштуруучулардан көптү үйрөндүм. Башкысы, алган тажрыйбам, жаңы тааныштар, байланыштар жана идеялар болду", — деп айтып берди кыргызстандык Ажар Аламанова.
Россиянын "Жылдын студенти" деп аталган бул улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.