https://sputnik.kg/20221230/ehmchek-ragy-den-sooluk-ayal-medicinalyk-teksheruu-1071609582.html
Нарын, Ысык-Көл облустарында эмчек рагын алдын алуу үчүн 1090 аял текшерүүдөн өттү
Нарын, Ысык-Көл облустарында эмчек рагын алдын алуу үчүн 1090 аял текшерүүдөн өттү
Sputnik Кыргызстан
"Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактайт" деп аталган кампаниянын алкагында медициналык текшерүүдөн өткөн кыз-келиндердин ичинен 336сында оору аныкталып, кеңеш... 30.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-30T09:32+0600
2022-12-30T09:32+0600
2022-12-30T09:32+0600
кыргызстан
нарын
ысык-көл
аялдар
эмчек рагы
медициналык текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/1e/1071609739_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_6ca85945582c44a97944c467a6a5cce2.jpg
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ысык-Көл жана Нарын облустарында төрөт курагындагы аялдар арасында "Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактайт" аталышындагы кампания өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.Кампаниянын алкагында дарыгерлер кыз-келиндерге эмчектин залалдуу шишигин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, текшерүүдөн өтүүгө чакырышкан.Анын натыйжасында, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча төрөт курагындагы 1090 аял эмчек бездерин УЗИге тарттырган. Анын ичинен 336 аялда сүт бездеринде ар кандай оорулар бар экендиги аныкталып, андан ары кеңеш алып, дарылануу үчүн маммологдорго жөнөтүлгөн.Анда белгиленгендей, алдыда Ысык-Көл облустук администрациясы менен Каракол шаардык мэриясы аялдардын саламаттыгына өз учурунда көзөмөл жүргүзүү максатында кольпоскопия жана маммография аппаратын сатып алууну ниеттенип жатат.
https://sputnik.kg/20221112/onkomammolog-ehmchek-zalalduu-shishik-rak-1069909027.html
нарын
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/1e/1071609739_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_25acda56c2dbef51ed9976bbea7cde76.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нарын, ысык-көл, аялдар, эмчек рагы, медициналык текшерүү
кыргызстан, нарын, ысык-көл, аялдар, эмчек рагы, медициналык текшерүү
Нарын, Ысык-Көл облустарында эмчек рагын алдын алуу үчүн 1090 аял текшерүүдөн өттү
"Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактайт" деп аталган кампаниянын алкагында медициналык текшерүүдөн өткөн кыз-келиндердин ичинен 336сында оору аныкталып, кеңеш алуу үчүн маммологдорго жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ысык-Көл жана Нарын облустарында төрөт курагындагы аялдар арасында "Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактайт" аталышындагы кампания өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Кампаниянын алкагында дарыгерлер кыз-келиндерге эмчектин залалдуу шишигин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, текшерүүдөн өтүүгө чакырышкан.
Анын натыйжасында, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча төрөт курагындагы 1090 аял эмчек бездерин УЗИге тарттырган. Анын ичинен 336 аялда сүт бездеринде ар кандай оорулар бар экендиги аныкталып, андан ары кеңеш алып, дарылануу үчүн маммологдорго жөнөтүлгөн.
"Медициналык текшерүүдөн негизинен мекемеде иштеген аялдар өттү. Бул иш-аракеттер аялдардын эмчек безин мезгил-мезгили менен текшерип туруу керектиги боюнча маалымдуулугун арттырмакчы", — деп айтылат билдирмеде.
Анда белгиленгендей, алдыда Ысык-Көл облустук администрациясы менен Каракол шаардык мэриясы аялдардын саламаттыгына өз учурунда көзөмөл жүргүзүү максатында кольпоскопия жана маммография аппаратын сатып алууну ниеттенип жатат.
12 Жетинин айы 2022, 20:25