00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Жеңиш аянтындагы эстелик. Архив
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Синоптиктер бул айда жаан-чачын нормадан ашпай турганын божомолдоду.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жылдын алгачкы айында өлкөдө жаан-чачын чектен ашпайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометЯнвардагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в январе 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Январдагы абанын орточо температурасы
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометЯнвардагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в январе 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Январдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын орточо температурасы -3…-5 градус болот. Январь айынын аралыгында түнкүсүн -2…-7 градустан -10...-15 градуска чейин суук болору болжолдонгон. Ал эми күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болот. Айрым күндөрү Чүйдө түнү -16...-21, күндүз -2...-7 градус муздак болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана райондун тоо кыркаларында абанын температурасы түнкүсүн -4...-9 градустан -12...-17 градуска чейин суук болсо, күндүз -4...+1 градустан +2...+7 градуска чейин жылыйт.

Талас облусу

Бул аймакта абанын орточо температурасы январь айы ичинде -4...-6 градус муздак болот. Ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -2...-7 жана -10...-15 градустун ортосунда болот. Күндүз 0...+5 градустан +8...+13 градуска чейин жылуу болушу болжолдонууда. Ай ичинде түнкүсүн суук -16...-21 градуска жеткен күндөр да болот, күндүз -2...-7 суук болушу мүмкүн.

Ош облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -1...-3 градус суук болот, тоолуу райондордо -3...-5 градус болору болжолдонгон. Ай ичинде бул облуста абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан -4...-9 градустун тегерегинде болот. Күндүз 0 градустан +13 градуска чейин жылыган күндөр болот.
Ош облусунун тоолуу аймактарында жылдын биринчи айында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейинки температурада болот, күндүз -4 градустан +10 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда январда абанын орточо температурасы -1…-3 градус болот, ал эми тоолуу аймактарда абанын муздактыгы 3…-5 градус болору болжолдонгон.
Ай ичинде түнкүсүн абанын температурасы -3 …+2 градус менен -4…-9 градустун айланасында болот. Күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Токтогул районунда түнкүсүн абанын температурасы -1…-6 жана -8…-13 градустун ортосунда болсо, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Майрамда шампан менен адамдар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Кээ бир адамдардын эмнеге баш жазгысы келет? Окумуштуулардын изилдөөсү

Баткен облусу

Баткен облусунда абанын орточо температурасы -1…-3 градус, ал эми тоолуу аймактарында -3…-5 градус муздак болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2 жана -4…-9 градустун тегерегинде болот, күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми облустун тоолуу аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейин муздайт. Күндүз болсо -4 градустан +10 градуска чейин күндүн жылышы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо температурасы -1…-3 градусту түзөт, ал эми облустун чыгыш тарабында суук -5 градустан -7 градуска чейин жетет.
Түнү -1 градустан -12 градуска чейин суук болот. Айрым күндөрү абанын температурасы -13...-18 градуска чейин муздак болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…-5 сууктан +1…+6 градустун ортосунда болушу күтүлүүдө.

Нарын облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -13…-15 градус болору болжолдонгон, ал эми Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу мүмкүн.
Бир ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -9 градус сууктан -23 градуска чейин түшөт. Күндүз ал -1 градустан -12 градуска чейин болот. Ал эми Ат-Башы районунда түнкүсүн -25-30 градуска чейин суук болот, күндүз аталган райондо абанын температурасы -13 градустан -18 градуска чейин муздайт.
 КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев менен кошотшуу зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар
Жаңылыктар түрмөгү
0