Батир ижаралоо. Бир жыл ичинде Бишкектеги баа кандай өзгөрдү?
Жазылуу
Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү турак жайдын орточо ижара акысы көрсөтүлдү.
![Бишкекте жыл ичинде батирдин ижара акысы кандай өзгөрдү Бишкекте жыл ичинде батирдин ижара акысы кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/images/07e6/0c/1d/1071578879.png)
Материалды даярдоодо 990 жарнама каралды. 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын декабрына чейинки баага көз чаптырдык. Батир ижаралоо бул убакыт ичинде бир топ кымбаттаган.
Ачык маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын декабрында эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы төмөндөгүдөй болду:
104-серия — 25 000 сом (18 000ден 40 000ге чейин);
105-серия — 30 000 сом (18 000ден 35 000ге чейин);
106-серия — 30 000 сом (18 000ден 40 000ге чейин);
индивидуалдык типтеги — 30 000 (15 000ден 55 700гө чейин);
"элитка" — 40 000 (21 400дөн 68 500гө чейин);
мейманкана тибиндеги — 10 000 (5 000ден 21 100гө чейин).
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы:
104-серия — 40 000 сом (27 000ден 51 400гө чейин);
105-серия — 35 000 сом (20 000ден 50 000ге чейин);
106-серия — 40 000 сом (28 000ден 64 300гө чейин);
индивидуалдык типтеги — 40 000 (28 000ден 64 300гө чейин);
"элитка" — 60 000 (25 000дөн 171 400гө чейин);
мейманкана тибиндеги — 10 000 (5 000ден 21 100гө чейин).
Эмереги бар үч бөлмөлүү батирдин ижара акысы:
104-серия — 41 400 сом (35 000ден 60 000ге чейин);
105-серия — 50 000 сом (35 000ден 111 400гө чейин);
106-серия — 45 000 сом (31 000ден 76 500гө чейин);
индивидуалдык типтеги — 55 000 (25 000ден 101 300гө чейин);
"элитка" — 85 000 (41 000ден 257 300гө чейин);
мейманкана тибиндеги — 10 000 (5 000ден 21 100гө чейин)
Тема боюнча: