https://sputnik.kg/20230105/zhenil-but-kiyim-kiyuu-ooru-1071754581.html
Кышында жеңил бут кийимчен жүрүү кайсы ооруларга алып келет. Видео
Кышында жеңил бут кийимчен жүрүү кайсы ооруларга алып келет. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кышында жеңил жана жука бут кийим кийүү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Андыктан бутту жылуу кармап, ден соолукка туура кам көрүү менен бир канча... 05.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-05T09:28+0600
2023-01-05T09:28+0600
2023-01-05T09:28+0600
медицина
эскертүү
оору
бут кийим
суук
адис
https://sputnik.kg/img/07e7/01/04/1071754424_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_0e050d0c7ffdedba82d874bf77934ca5.jpg
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жеңил бут кийим кийүүнүн кесепеттери тууралуу айтып берди.Иммунитетке сокку уратЖеңил бут кийим буттун тоңуп жана бүтүндөй организмдин муздап калышына алып келиши мүмкүн.Ал гана эмес, кичине эле чыйрыгуу дагы организмдин коргоочу күчтөрүн кыйла азайтат. Ошентип адам ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат.Сезгенүүнү пайда кылатКөп учурда үшүп калуу мурун, тамак жана кулакты сезгентет. Дайыма үшүп жүрүү отит, гайморит, ангина ооруларына алып келет.Жыныстык ооруларЗаара системасынын органдарынын сезгениши – буттардын муздап калышынын кесепетинен келип чыгуучу оору.Муун ооруларын пайда кылатҮшүп калган учурда радикулит да өнүгүшү мүмкүн. Көпчүлүк учурда жаштар күн суук мезгилде бутка жука жана жеңил бут кийимдерди кийип, ден соолугу үчүн кесепеттери тууралуу ойлонбой жүрө беришет. Бул бир топ жылдардан кийин өнөкөт оорулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.Бут үшүбөс үчүн бут кийимди туура тандоо зарыл. Эң негизгиси, ным өтпөшү керек. Ичинде жылуулай турган кездемеси жана таманы калың болушу зарыл.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/04/1071754424_122:0:1082:720_1920x0_80_0_0_61651a4ac64cff2072fe45b6bc447a2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
медицина, эскертүү, оору, бут кийим, суук, адис, видео
медицина, эскертүү, оору, бут кийим, суук, адис, видео
Кышында жеңил бут кийимчен жүрүү кайсы ооруларга алып келет. Видео
Кышында жеңил жана жука бут кийим кийүү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Андыктан бутту жылуу кармап, ден соолукка туура кам көрүү менен бир канча оорулардын алдын алса болот.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жеңил бут кийим кийүүнүн кесепеттери тууралуу айтып берди.
Жеңил бут кийим буттун тоңуп жана бүтүндөй организмдин муздап калышына алып келиши мүмкүн.
Ал гана эмес, кичине эле чыйрыгуу дагы организмдин коргоочу күчтөрүн кыйла азайтат. Ошентип адам ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат.
Көп учурда үшүп калуу мурун, тамак жана кулакты сезгентет. Дайыма үшүп жүрүү отит, гайморит, ангина ооруларына алып келет.
Заара системасынын органдарынын сезгениши – буттардын муздап калышынын кесепетинен келип чыгуучу оору.
Муун ооруларын пайда кылат
Үшүп калган учурда радикулит да өнүгүшү мүмкүн. Көпчүлүк учурда жаштар күн суук мезгилде бутка жука жана жеңил бут кийимдерди кийип, ден соолугу үчүн кесепеттери тууралуу ойлонбой жүрө беришет. Бул бир топ жылдардан кийин өнөкөт оорулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Бут үшүбөс үчүн бут кийимди туура тандоо зарыл. Эң негизгиси, ным өтпөшү керек. Ичинде жылуулай турган кездемеси жана таманы калың болушу зарыл.