00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

UFC жана бокс дүйнөсүндө боло турган ири мелдештер. Тизме

© AP Photo / Jeff ChiuUFC мушкери. Архив
UFC мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Жазылуу
Күйөрмандарды Жон Жонс, Хамзат Чимаев, Ислам Махачев, Тайсон Фьюри, Дмитрий Бивол, Сауль "Канело" жана башка жылдыздардын кармашы күтүүдө.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү эң ири Ultimate Fighting Championship лигасы менен профессионалдык бокс боюнча эл аралык федерациялар быйылкы жылга бир катар ири беттештерди даярдап жатат.

UFC

Мартка жарым оор салмактагы UFC чемпиону Леон Эдвардс менен экс-чемпион Камару Усмандын үчүнчү беттеши белгиленген. Августта Эдвардс бешинчи раундда Усманды нокаутка кетирип, чемпиондук курга ээ болгон.
Ошол эле айда орто оор салмактагы UFC чемпиону Жон Жонс менен уюмдун тарыхындагы эң жаш жана оор салмактагы чемпион Френсис Нганнунун кармашы күтүлүүдө.
Жеңил салмактагы чемпион Ислам Махачев февралда жарым жеңил салмактагы чемпион Алекс Волкановски менен кездешет. Ислам 23 ирет жеңишке ээ болуп, бир жолу утулса, Волкановскинин куржунунда 25 жеңиш, бир жеңилүү бар. UFC рейтингинде салмак категориясын эсепке албаганда Волкановски биринчи, Махачев үчүнчү орунда турат. Бул кармашта утушка ээ болгон спортчуга атаандашынын куру ыйгарылмакчы.
Эки дивизиондун экс-чемпиону Генри Сехудо эң жеңил салмактагы чемпион Алжаймен Стерлинг менен кез келет. Азырынча мөөнөтү белгисиз.
Эки салмак категориясында чемпион болгон Конор Макгрегор быйыл октагонго кайтам деп турат. Атаандашы айтыла элек, бирок ирландиялык мушкер менен беттешип көп акчага табуу мүмкүн болгондуктан кармашууну каалагандардын саны да арбын.
Чечен спортчусу Хамзат Чимаев орто салмактагы жаңы чемпион Алекс Перейро менен мушташышы мүмкүн. UFC расмий билдирүү тарата элек, бирок Чимаевдин чакырыгына Перейро оң жооп берген.

Бокс

Супер оор салмактагы WBC чемпиону Тайсон Фьюри (32:0) быйыл үч ирет рингге чыгат. Ал ушул эле салмактагы WBA, IBF жана WBO чемпиону Александр Усик (20:0) менен эки ирет беттешиши мүмкүн экенин четке каккан жок.
Орто оор салмактагы WBC, IBF жана WBO чемпиону, чечен Артур Бетербиев WBО боюнча титулун коргоп, британиялык Энтони Ярдга каршы чыгат. Беттеш жыл башына белгиленген.
WBA версиясы боюнча орто оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол майда рингге кайтмакчы. Анын Бетербиев же Сауль "Канело" Альварес менен кармашары айтылууда.
Ал эми "Канело" өзү жазында британиялык Жон Райдер менен, күзгө жуук утулуп калган Бивол менен реванш беттеш өткөрүү ниетин билдирген.
IBF, WBA Super жана IBO версиялары боюнча дүйнө чемпиону казакстандык Геннадий "GGG" Головкин Эскива Фалькао жана Эрисланди Лара менен кездешет.
Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады
Жаңылыктар түрмөгү
0