00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип "Женго" кармалды. Видео

© Фото / пресс-служба УВД города ОшОшто кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип "Женго" кармалды
Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип Женго кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Милиция кандуу жаңжал кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам чыкканын белгиледи.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмышты уюштурууга шектүү катары "Женго" каймана аты бар Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 12-январь күнү калаадагы Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Экинчисинин абалы оор болуп жаткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Милиция окуя кылмыштуу топтордун өз ара келишпестигинен улам болгону аныкталганын билдирди.
"Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 13-январда, кылмышты жасоодо пайдаланылган автоунаа табылып, ШИИБдин атайын короосуна киргизилди. Ошондой эле бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, "Женго" каймана ат менен кылмыш чөйрөсүнө таанымал болгон Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, "Женгонун" шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаран изделүүдө. Алар:
1.
Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну;
2.
Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну;
3.
Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.
© Фото / пресс-служба УВД города Ош

Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну

Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну - Sputnik Кыргызстан
1/3

Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну

© Фото / пресс-служба УВД города Ош

Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну

Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну - Sputnik Кыргызстан
2/3

Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну

© Фото / пресс-служба УВД города Ош

Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну

Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну - Sputnik Кыргызстан
3/3

Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну

1/3

Акылбек Раимберди уулу, 28 жашта, Өзгөн районунун тургуну

2/3

Эламан Коргонбай уулу, 28 жашта, Ош шаарынын тургуну

3/3

Курсантбек Шакир уулу, 25 жашта, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну

Ошону менен катар шектүүлөр айдап жүргөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автокөлүк дагы Ош шаардык милициянын убактылуу токтотуучу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Калаа милициясы бул жарандар тууралуу маалымат билгендерди 03222-4-82-82 телефону аркылуу кабарлоону өтүнөт.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 13-январь күнү Ош ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, тергөө башталган.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Спецназ Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0