https://sputnik.kg/20230120/kyrgyzstandyn-mektepterinde-kancha-agay-ishteyt-1072185051.html
Кыргызстандын мектептеринде канча агай иштейт. Акциядан кийинки сан
Кыргызстандын мектептеринде канча агай иштейт. Акциядан кийинки сан
Sputnik Кыргызстан
Башка облустарга салыштырмалуу окуучуларга сабак берген эркек кишилер Теңир-Тоодо көбүрөөк экени айкын болду. 20.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-20T12:41+0600
2023-01-20T12:41+0600
2023-01-20T12:41+0600
кыргызстан
нарын облусу
агай
мектеп
акция
https://sputnik.kg/img/104719/52/1047195212_0:15:1374:788_1920x0_80_0_0_6e1099d02e5e291df66e317d8b5a3cae.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда мугалим эжейлерге караганда агайлар азыраак, эгерде сандар менен алсак, жалпы көрсөткүчтүн 15,3 пайызын түзөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Эске салсак, аталган ведомство "Мектеп агайларга муктаж" аттуу акция жарыялап, эркек мугалимдерди тартуу жана мектептер агайлардын үнүнө муктаж экенин билдирүү максатын көздөгөн.Министрликтин маалыматына таянсак, республиканын мектептеринде иштеген эркек кишилер — 23 751, бул жалпы кызматкерлердин 19,3 пайызын түзөт. 8 893 киши билим берүү жайларында балдарды окутпаган башка иштерде эмгектенишет.Облустар боюнча көрсөткүч:
https://sputnik.kg/20230112/mugalim-shyldyndoo-chara-koruu-miyzam-kabyl-alyndy-1071956462.html
нарын облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104719/52/1047195212_211:0:1374:872_1920x0_80_0_0_1536111efe0d06a7d6f6b094551d6475.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нарын облусу, агай, мектеп, акция
кыргызстан, нарын облусу, агай, мектеп, акция
Кыргызстандын мектептеринде канча агай иштейт. Акциядан кийинки сан
Башка облустарга салыштырмалуу окуучуларга сабак берген эркек кишилер Теңир-Тоодо көбүрөөк экени айкын болду.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда мугалим эжейлерге караганда агайлар азыраак, эгерде сандар менен алсак, жалпы көрсөткүчтүн 15,3 пайызын түзөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, аталган ведомство "Мектеп агайларга муктаж" аттуу акция жарыялап, эркек мугалимдерди тартуу жана мектептер агайлардын үнүнө
муктаж экенин билдирүү максатын көздөгөн.
Министрликтин маалыматына таянсак, республиканын мектептеринде иштеген эркек кишилер — 23 751, бул жалпы кызматкерлердин 19,3 пайызын түзөт. 8 893 киши билим берүү жайларында балдарды окутпаган башка иштерде эмгектенишет.
Облустар боюнча көрсөткүч:
Баткендеги мектептерде иштеген эркек кишилер — 2 911 (жалпы кызматкерлердин 22,3 пайызы);
Ош облусу — 5 642 (20,5 пайыз );
Жалал-Абад облусу — 4 723 (19,3 пайыз);
Чүй облусу — 3 081 (17,7 пайыз);
Нарын облусу — 1 931 (24,4 пайыз);
Ысык-Көл облусу — 1 890 (19 пайыз);
Талас облусу — 1 151 (19,7 пайыз);
Бишкек — 1 621 (13,8 пайыз);
Ош шаары — 1 913 (20,6 пайыз).