https://sputnik.kg/20230124/shavkat-mirziyoev-kyrgyzstan-27-yanvar-kelet-1072275523.html
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт. 24.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-24T13:23+0600
2023-01-24T13:23+0600
2023-01-24T13:24+0600
шавкат мирзиёев
мамлекеттик сапар
өзбекстан
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/07/14/1066213079_0:317:3076:2047_1920x0_80_0_0_2ecfbedbd3a050b7737cda5e1b3931cf.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.Маалыматта сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болору айтылган.Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылды.Алгач өзбек лидеринин өлкөгө өткөн жылдын 10-декабрында келери айтылган. Бирок мамлекеттик сапардын мөөнөтү жылып, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келери айтылган болчу. Сапарды жылдыруунун себеби айтылган эмес.
https://sputnik.kg/20230118/shavkat-mirziyoev-kyrgyzstan-26-yanvarda-keleri-aytyldy-1072122525.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/14/1066213079_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_0fccaddcc04964819fbf120d48e12d11.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
шавкат мирзиёев, мамлекеттик сапар, өзбекстан, кыргызстан
шавкат мирзиёев, мамлекеттик сапар, өзбекстан, кыргызстан
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет
13:23 24.01.2023 (Жаңыртылды: 13:24 24.01.2023) Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматта сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болору айтылган.
"Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт", — деп билдирди Азымбакиев.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылды.
Алгач өзбек лидеринин өлкөгө өткөн жылдын
10-декабрында келери айтылган. Бирок мамлекеттик сапардын мөөнөтү жылып, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келери айтылган болчу. Сапарды жылдыруунун себеби айтылган эмес.