https://sputnik.kg/20230126/ukraina-germaniya-kancler-zhanzhal-tank-1072325761.html
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты
Sputnik Кыргызстан
Щольц Германиядан Киевге жөнөтүлө турган Leopard 2 танкаларынын согуш талаасындагы функциясы тууралуу айтып, алардын кубаттуулугун белгиледи. 26.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-26T10:25+0600
2023-01-26T10:25+0600
2023-01-26T10:25+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
германия
канцлер
танк
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1a/1072325605_0:83:3073:1811_1920x0_80_0_0_081a1bcc551ab3abc334e581923a81d4.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германиянын Киевге жөнөтө турган Leopard 2 танкалары кубаттуу, бирок Украинадагы жаңжал жакын арада бүтпөй тургандыгына да даяр болуу керек. Мындай оюн Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.Шольц журналисттердин "Leopard 2 танкалары Украинадагы жаңжалдын жыйынтыкталышына таасир эте алабы?" деген суроосуна "алар абдан эффективдүү, өтө пайдалуу болот" деп жооп берген.Ошол эле учурда ал "тилекке каршы, бул чыр-чатак жакын арада бүтпөй тургандыгын да эске алуу зарыл. Россия тарап Киевге жардам берүү солгундайт деп божомолдобошу керек" деген.Мындан тышкары, канцлер НАТОнун бул жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болушун каалабай турганын белгиледи.Канцлер Украина жеңиши керекпи деген суроого да түз жооп берген эмес. "Украина жеңилбеши керек" деген ал. Журналисттердин "Анда Россия жеңилиши керекпи?"деген тактоо иретиндеги суроосуна "Россия өзүнүн максатына жетпеши керек" деп жооп берген.
https://sputnik.kg/20230125/germaniya-leopard-2a6-tankalaryn-ukrainaga-zhiberet-1072317591.html
украина
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1a/1072325605_62:0:2793:2048_1920x0_80_0_0_5b088e4af080359f85f484188272ed0e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, германия, канцлер, танк
дүйнөдө, россия, украина, германия, канцлер, танк
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты
Щольц Германиядан Киевге жөнөтүлө турган Leopard 2 танкаларынын согуш талаасындагы функциясы тууралуу айтып, алардын кубаттуулугун белгиледи.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германиянын Киевге жөнөтө турган Leopard 2 танкалары кубаттуу, бирок Украинадагы жаңжал жакын арада бүтпөй тургандыгына да даяр болуу керек. Мындай оюн Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин
РИА Новости агенттиги жазды.
Шольц журналисттердин "Leopard 2 танкалары Украинадагы жаңжалдын жыйынтыкталышына таасир эте алабы?" деген суроосуна "алар абдан эффективдүү, өтө пайдалуу болот" деп жооп берген.
Ошол эле учурда ал "тилекке каршы, бул чыр-чатак жакын арада бүтпөй тургандыгын да эске алуу зарыл. Россия тарап Киевге жардам берүү солгундайт деп божомолдобошу керек" деген.
Мындан тышкары, канцлер НАТОнун бул жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болушун каалабай турганын белгиледи.
"Мен бул согуш Россия менен НАТОнун ортосунда боло тургандай деңгээлге чыкпашы үчүн бардык аракетимди жасайм", — деди Шольц.
Канцлер Украина жеңиши керекпи деген суроого да түз жооп берген эмес. "Украина жеңилбеши керек" деген ал. Журналисттердин "Анда Россия жеңилиши керекпи?"деген тактоо иретиндеги суроосуна "Россия өзүнүн максатына жетпеши керек" деп жооп берген.