https://sputnik.kg/20230214/turkiyaga-zhardam-ber-esepke-tushkon-akcha-1072862468.html
Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке түшкөн акча кайра 14 млн. сомго чыкты
Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке түшкөн акча кайра 14 млн. сомго чыкты
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын которгонуна байланыштуу бир күндө тогуз миллион сом түшкөнү айтылды. 14.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-14T12:29+0600
2023-02-14T12:29+0600
2023-10-31T14:01+0600
кыргызстан
эсеп
каражат
түркия
жардам
чогултуу
каржы министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e7/02/0e/1072862658_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_d8994573c84a255499584dd7ea785337.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түркияга жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 14 миллион сомго чукул каражат чогулду. Бул туурасында Финансы министрлиги бүгүн саат 10:00гө карата берген маалыматында билдирди.Белгилей кетсек, аталган ведомство 10-февралда саат 16:00гө карата эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаган болчу. Бирок кечээ, 13-февралда, жаңылып эсептеп алганын айтып, чынында 5 миллион сомдой гана түшкөнүн маалымдаган.Ал эми бүгүн атайын эсепке 13 миллион 962,6 миң сом жана 12 550 рубль которулганын билдирди. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бир күндө 9 миллион сом каяктан түшкөнүн сурап, Финансы министрлигинин маалымат кызматына байланышты. Анда алар "мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыктарын которуп жатышат, ошолордон кечээ активдүү келип түшкөндүктөн сумма кескин өсүп кетти" деп жооп беришти.Табият кырсыгынын кесепетин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө которо алат. Атайын эсеп 7-февраль күнү ачылган."Айыл Банк" ААКы:Маалымат үчүн номерлер:Мындан сырткары, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да өзүнчө эсеп ачкан.
https://sputnik.kg/20230213/kyrgyzstan-turkiya-kutkaruu-tobu-1072852170.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/0e/1072862658_153:0:2884:2048_1920x0_80_0_0_7a52109e86cc9fa8aee21804aa0753d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эсеп, каражат, түркия, жардам, чогултуу, каржы министрлиги
кыргызстан, эсеп, каражат, түркия, жардам, чогултуу, каржы министрлиги
Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке түшкөн акча кайра 14 млн. сомго чыкты
12:29 14.02.2023 (Жаңыртылды: 14:01 31.10.2023) Мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын которгонуна байланыштуу бир күндө тогуз миллион сом түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түркияга жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 14 миллион сомго чукул каражат чогулду. Бул туурасында Финансы министрлиги бүгүн саат 10:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Белгилей кетсек, аталган ведомство 10-февралда саат 16:00гө карата эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаган болчу. Бирок кечээ, 13-февралда, жаңылып эсептеп алганын айтып, чынында
5 миллион сомдой гана түшкөнүн маалымдаган.
Ал эми бүгүн атайын эсепке 13 миллион 962,6 миң сом жана 12 550 рубль которулганын билдирди. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бир күндө 9 миллион сом каяктан түшкөнүн сурап, Финансы министрлигинин маалымат кызматына байланышты. Анда алар "мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыктарын которуп жатышат, ошолордон кечээ активдүү келип түшкөндүктөн сумма кескин өсүп кетти" деп жооп беришти.
Табият кырсыгынын кесепетин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө которо алат. Атайын эсеп 7-февраль күнү ачылган.
Эсеп № 1350102119900169 "КР Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты — Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
КР президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Мындан сырткары, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да
өзүнчө эсеп ачкан.
13 Бирдин айы 2023, 19:47