https://sputnik.kg/20230217/kyrgyzstan-kurulush-sejmologiya-imarat-1072967647.html
Жапаров өлкөдөгү курулуш тармагын реформалоо программасын түзүүнү тапшырды
Жапаров өлкөдөгү курулуш тармагын реформалоо программасын түзүүнү тапшырды
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү каралды. 17.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-17T21:49+0600
2023-02-17T21:49+0600
2023-02-17T23:28+0600
кыргызстан
курулуш
имарат
сейсмология
https://sputnik.kg/img/07e7/02/11/1072967124_0:204:3076:1935_1920x0_80_0_0_bc4455a933c66f5afde3ef47e8aefca5.jpg
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын сейсмологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча долбоордун программасын түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.Кабарда айтылгандай, бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигктин ишмердүүлүгү каралды.Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы котлован казуу этабында акча чогултууга тыюу салына турганын, ал эми кардарлар менен компаниянын ортосунда банк гарант болушу керектигин айткан.Ага чейин Садыр Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты боюнча суроого жооп берип, мындан ары башаламан курулуштар курулбай турганын белгилеген.Түркияда зилзала болгондон бери кыргызстандыктар өлкөдөгү курулуштардын сапаты жөнүндө кызуу талкуулай башташты. Депутат Дастан Бекешев курулуш компаниялары имараттын сейсмотуруктуулугун текшертүүдөн корко турганын белгилеген.Мындан тышкары, депутат үйлөр урап түшсө эч ким жоопкерчилик албайт деп билдирген.
https://sputnik.kg/20230207/kyrgyzstanda-turak-zhajdy-mildettuu-kamsyzdandyruunu-sunushtalyp-zhatat-1072678228.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/11/1072967124_790:252:2859:1804_1920x0_80_0_0_c2a384c9f8e7d2360ea9181877fa63cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курулуш, имарат, сейсмология
кыргызстан, курулуш, имарат, сейсмология
Жапаров өлкөдөгү курулуш тармагын реформалоо программасын түзүүнү тапшырды
21:49 17.02.2023 (Жаңыртылды: 23:28 17.02.2023) Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү каралды.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын сейсмологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча долбоордун программасын түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Кабарда айтылгандай, бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигктин ишмердүүлүгү каралды.
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы
котлован казуу этабында акча чогултууга тыюу салына турганын, ал эми кардарлар менен компаниянын ортосунда банк гарант болушу керектигин айткан.
Ага чейин Садыр Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты боюнча суроого жооп берип, мындан ары башаламан курулуштар
курулбай турганын белгилеген.
Түркияда зилзала болгондон бери кыргызстандыктар өлкөдөгү курулуштардын сапаты жөнүндө кызуу талкуулай башташты. Депутат Дастан Бекешев курулуш компаниялары имараттын сейсмотуруктуулугун текшертүүдөн
корко турганын белгилеген.
Мындан тышкары, депутат үйлөр урап түшсө эч ким
жоопкерчилик албайт деп билдирген.