https://sputnik.kg/20230220/kyrgyz-ozbek-chek-arasy-tovar-ozuncho-zhol-1073002577.html
"Достук" бекетинде тез бузулуучу товарлар үчүн өзүнчө жол ачуу пландалууда
"Достук" бекетинде тез бузулуучу товарлар үчүн өзүнчө жол ачуу пландалууда
Sputnik Кыргызстан
Эки өлкөнүн адистери 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзөт. 20.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-20T10:06+0600
2023-02-20T10:06+0600
2023-02-20T10:06+0600
кыргызстан
өзбекстан
товар
өткөрүү
жол
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/07/1068743510_0:296:3115:2048_1920x0_80_0_0_ed90480d4b5eebc8c0706d4ce975d414.jpg
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктунда тез бузулуп кетүүчү азык-түлүк үчүн өзүнчө өткөрмө жол ачуу пландалууда.Бул маселени эки өлкөнүн адистери талкуулашты. Ага Айыл чарба министрлигинин, Ветеринардык кызматтын, бизнес-ассоциациялардын жана экспортчулардын өкүлдөрү дагы катышканын КР Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.Жыйынтыгында тараптар өзүнчө өткөрмө жол ачуу үчүн 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзүүгө макулдашкан.Өзбекстандын Бажы кызматы Кыргызстандан чыккан товарларды эч тоскоолдуксуз өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр. Тагыраак айтканда, өзбек тарап кыргыз форелин импорттоого кызыкдар жана жергиликтүү балык чарба өкүлдөрүнүн сунуштарын угууну пландап жатат.
https://sputnik.kg/20230126/ozbekstan-kyrgyzstandan-tovar-importtoo-plan-1072341937.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/07/1068743510_384:0:3115:2048_1920x0_80_0_0_0503ce93e55530bb37be48680be29bbe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, товар, өткөрүү, жол
кыргызстан, өзбекстан, товар, өткөрүү, жол
"Достук" бекетинде тез бузулуучу товарлар үчүн өзүнчө жол ачуу пландалууда
Эки өлкөнүн адистери 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзөт.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктунда тез бузулуп кетүүчү азык-түлүк үчүн өзүнчө өткөрмө жол ачуу пландалууда.
Бул маселени эки өлкөнүн адистери талкуулашты. Ага Айыл чарба министрлигинин, Ветеринардык кызматтын, бизнес-ассоциациялардын жана экспортчулардын өкүлдөрү дагы катышканын КР Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынтыгында тараптар өзүнчө өткөрмө жол ачуу үчүн 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзүүгө макулдашкан.
Өзбекстандын Бажы кызматы Кыргызстандан чыккан товарларды эч тоскоолдуксуз өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр. Тагыраак айтканда, өзбек тарап кыргыз форелин импорттоого кызыкдар жана жергиликтүү балык чарба өкүлдөрүнүн сунуштарын угууну пландап жатат.