00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат "100 ишкананын 50сү иштеп кетсе жакшы" деген министрди уяткарды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Депутат андай болсо алына ченеп эле азыраак долбоорду баштоо керектигин айтты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев экономика жана коммерция министри менен анын орун басарын уяткарды.
Кечээ тармактык комитеттин жыйынында орун басары Чыңгыз Макешов "Кыргыз индустрия" мамлекеттик ишканасындагы 100 долбоордун 50 пайызы бутуна туруп иштеп кетсе, жакшы көрсөткүч деген оюн билдирген.
"Силердики бир фермер кредитке жазда 100 кой алса, 50сү күзгө чейин өлүп калат деп ойлогондой болуп жатат да. Уят эмеспи бул? Акча кетирип баарын баштап албай 30-40ты эле ачпайсыңарбы? Сандан сапатка өткүлө да. Ишканага бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн", — деп нааразы болгон Козуев.
Ал эми бүгүн жалпы жыйында депутат экономика министри Данияр Амангелдиевден бул боюнча пикирин сураганда, ал да жарымы иштеп кетсе жакшы көрсөткүч болорун айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМинистр экономики и коммерции Данияр Амангельдиев
Министр экономики и коммерции Данияр Амангельдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
"Мен деле эгер долбоорлордун 50 пайызын ишке ашырсак, жакшы жетишкендик деп эсептейм. Быйыл 100 долбоордун баары жүзөгө ашпаса, кийинки жылы анын үстүндө иш жүрө берет. Бүгүнкү күндө "Кыргыз индустрияда" 19 ишкана түзүлгөн", — деди министр.
Андан соң эл өкүлү дароо 100 долбоорду баштоонун кандай зарылчылыгы бардыгын айтып "алына ченеп эле ачса болбойбу, сөзсүз эле кагазда чоң цифра болушу керекпи?" деген суроо салды.
"Бул иштелип чыккан пландык жумуш. Долбоорлорду чогултканда 100 болуп калды. Эми бизнес-планын иштеп, каражат таап, жабдууларга буюртма берсек логистикасы бир жылга созулуп кеткен учур болот. Негизинен 100 ишкана ачылат, ал боюнча иш жүрөт. Эми канчасы ишке ашат... Биз аракет кылабыз", — деди Амангелдиев.
Козуев баштабай жатып эле багынып берүү туура эместигин, жок дегенде 10-20 пайыз тобокелчилик болот деген принцип менен иштөөгө чакырды. Минте беришсе ишкана жетекчилеринде стимул болбой турганын белгиледи.
Аягында министр депутаттын сынын туура кабыл алып, ал багытта иштөөнү убадалады.
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду
Жаңылыктар түрмөгү
0