Биринчи май РИИБдин иштен алынган жетекчилеринин ордуна жаңылары дайындалды
10:58 25.03.2023 (Жаңыртылды: 11:32 25.03.2023)
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБиринчи май РИИБдин жетекчиси Тилек Тюкебаев
![Биринчи май РИИБдин жетекчиси Тилек Тюкебаев Биринчи май РИИБдин жетекчиси Тилек Тюкебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/03/19/1073875838_0:90:810:546_1920x0_80_0_0_e27bea0e7e2865e4b26242ba1e2612c6.jpg)
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Жазылуу
Жалпысынан төрт жетекчи кызматтан бошотулуп, алтоо катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматтан бошотулган жетекчилеринин ордуна жаңылары дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ райондук милициянын үч кызматкерин УКМК массаж салондорунун ээлеринен акча алып жүргөн деп кармагандыгы белгилүү болгон. Мындан улам Биринчи май РИИБдин жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаНурмат Давлетов
![Заместитель начальника по оперативной работе Первомайского УВД Нурмат Давлетов Заместитель начальника по оперативной работе Первомайского УВД Нурмат Давлетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/03/19/1073875900_0:0:810:1080_1920x0_80_0_0_b23b9c35d7674f7bc920fc32364f168f.jpg)
Нурмат Давлетов
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
"Биринчи май РИИБдин жетекчилик кызматына Тилек Тюкебаев, анын ыкчам иштер боюнча орун басарлык кызматына Нурмат Давлетов дайындалып, кадр иштери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу Мирлан Казымбаев аткармай болду. Ал эми Бишкек ШИИББдин жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына Айбек Ажыбаев, кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына Талантбек Асаналиев дайындалып, Чүй ОИИББдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруу Руслан Аралбаевге жүктөлдү", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаМирлан Казымбеков
![Временный замначальника по кадрам УВД Мирлан Казымбеков Временный замначальника по кадрам УВД Мирлан Казымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/03/19/1073875860_0:0:1280:853_1920x0_80_0_0_fde7fa3ea902cd8d340e090ac2a0cf62.jpg)
Мирлан Казымбеков
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алты жетекчиси катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылганы кошумчаланган.