00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүү"Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплексин жайгаштыруу. Архив
Искандер-М оперативдик-тактикалык ракеталык комплексин жайгаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Батыш Украинага бермекчи болгон акталган ураны бар ок-дары массалык жок кылуучу куралга кирбейт, ошентсе да андан радиациялык чаң чыгып, мындан улам кооптуу деп эсептелет.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Москва менен Минск Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк курал жайгаштырууну макулдашты. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 24" телеканалынын кабарчысы Павел Зарубин менен маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"3-апрелден тарта экипажды окутууну баштайбыз. 1-июлда Беларусь аймагында жайгаша турчу тактикалык өзөктүк курал сакталуучу жайдын курулушу аяктайт", — деди Путин.
РФ лидери Россия Беларуска учактарды кайра жасап жабдып чыгууга жардам бергенин белгиледи. Мындан тышкары, Минскиге "Искандер" ракеталык комплекстери берилген. Путин курал Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин талаптарын бузбастан жайгаштырыларына токтолду.
Президенттин айтымында, мындай кадамга Улуу Британиянын Украинага акталган ураны бар ок-дары берүү чечими түрткү болгон. Путин Беларусь өз аймагында россиялык өзөктүк курал жайгаштыруу өтүнүчүн буга чейин эле айтып келгенин белгиледи. Ал Москва Кошмо Штаттар он жылдап алектенип келген нерсени жасап жатканын кошумчалаган.
"Биз берип жаткан жокпуз, АКШ деле союздаштарына кармата койгон жок. Биз америкалыктар он жылдап жасап келген нерсени эле кылуудабыз. Айрым тилектеш мамлекеттеринде мындай куралы жайгашкан, аларды экипаждар даярдайт. Биз деле ошентебиз. Александр Григорьевич (Лукашенко — ред.) дал ушул тууралуу өтүндү", — деди Путин.
Өлкө башчысы Батыш Украинага бермекчи болгон акталган ураны бар ок-дары массалык жок кылуучу куралга кирбей турганын, ошентсе да андан радиациялык чаң чыгып, мындан улам кооптуу деп эсептелерин белгиледи. Президенттин айтымында, эгер бул ок-дары колдонула турган болсо айдоо аянттары ууланып, жергиликтүү тургундар менен айлана-чөйрө жабыркайт.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Улуу Британиянын коргоо министри Лондон Challenger 2 танкаларына кошуп Украинанын Куралдуу күчтөрүнө акталган ураны бар ок-дары берерин жарыялаган.
Мындай снаряддардан кийин ал колдонулган аймакта радиоактивдүү чаң басырылып калат, ал өтө уулуу келип, дезактивацияланбайт. Мындан тышкары, бул ок-дары онкологиялык ооруларды шартташы мүмкүн. АКШ аскер күчтөрү акталган уран камтылган снаряддарды 1991-жылкы операцияда, 1999-жылы Югославияны бомбалоодо жана 2003-жылы Иракка киргенде колдонгон.
Владимир Путин мындай куралдын жеткирилишине тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Путин: Россиянын акталган ураны бар ок-дарыга жооп кайтарчу нерсеси бар
Жаңылыктар түрмөгү
0