https://sputnik.kg/20230406/saima-festivaly-madanii-saamalyk-kol-onorchuluk-1074198438.html
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
Sputnik Кыргызстан
"Сайма" фестивалынын уюштуруучуларынын бири Дөөлөт Рысбаев бул жылы аталган маданий саамалыктын форматы кеңейгенин айтты. 06.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-06T13:02+0600
2023-04-06T13:02+0600
2023-04-07T12:18+0600
радио
сайма
фестиваль
маданият
кол өнөрчүлүк
дөөлөт рысбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/04/06/1074198236_466:294:2818:1617_1920x0_80_0_0_29ee171399d66cb3a446222df376579e.jpg
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
Фестивалдын максаты сайма өнөрүн жандантуу, сактоо жана жайылтуу, салттуу маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоо болуп саналат. Кыргыз саймаларынын баалуулугун көрсөтүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн эл арасында кеңири жайылтууну көздөйбүз. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, "Сайма" маданий иш-чарасы быйыл төртүнчү ирет өтүүдө.Ал фестиваль 15-апрель саат 11:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде башталарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/06/1074198236_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_f02dedbbb8d0bbd2c091b91a6f09cf22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
сайма, фестиваль, маданият, кол өнөрчүлүк, дөөлөт рысбаев, аудио
сайма, фестиваль, маданият, кол өнөрчүлүк, дөөлөт рысбаев, аудио
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
13:02 06.04.2023 (Жаңыртылды: 12:18 07.04.2023) "Сайма" фестивалынын уюштуруучуларынын бири Дөөлөт Рысбаев бул жылы аталган маданий саамалыктын форматы кеңейгенин айтты.
Фестивалдын максаты сайма өнөрүн жандантуу, сактоо жана жайылтуу, салттуу маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоо болуп саналат. Кыргыз саймаларынын баалуулугун көрсөтүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн эл арасында кеңири жайылтууну көздөйбүз. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Сайма" маданий иш-чарасы быйыл төртүнчү ирет өтүүдө.
"Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай мурас катары сактап калуу максатында 2021-жылы өткөн сайма чемпионаты 500гө жакын саймачынын башын бириктирген. Ал эми 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам — элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоого карата жасалып жаткан аракеттердин бири. "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катыша алышат. Ал үчүн атайын катышуучунун барагын 13-апрель саат 17:00гө чейин толтуруп, катталуусу шарт. Кароо-сынак "Сайма чемпионаты – 2023" жана "Мыкты белдемчи" сынагы болуп эки багытта өтөт. Ал эми сынак 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында, 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында өз-өзүнчө болот. Ар бир топко ар башка шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлери эки башка деңгээлде болот. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлык менен сыйланат. Байге фонду — 200 000 сом. Иш-чара уз-чеберлердин сайманын сегиз түрү боюнча мастер-класстары, "Шедевр белдемчи" аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.", — деди Рысбаев.
Ал фестиваль 15-апрель саат 11:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде башталарын кошумчалады.