https://sputnik.kg/20230413/bishkek-shiib-zhetekchi-chara-koruldu-1074419480.html
Бишкек ШИИББдин башчысына жетекчилиги чара көрдү
Бишкек ШИИББдин башчысына жетекчилиги чара көрдү
Sputnik Кыргызстан
Жетекчинин айткан кеби үчүн митинг өткөн. 13.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-13T19:32+0600
2023-04-13T19:32+0600
2023-04-13T19:37+0600
кыргызстан
азамат ногойбаев
ички иликтөө
https://sputnik.kg/img/07e5/05/14/1052548985_0:0:1081:608_1920x0_80_0_0_46eca38d9bdfd14f605ba7fc0dca9565.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев соцтармактагы түз эфир учурунда айткан сөзү үчүн дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.Кызматтык иликтөөдөн кийин министрликтин жетекчилиги ага эскертүү берди. Ал милициянын дисциплинардык уставынын бир катар пунктуларын бузганы белгиленди.Буга чейин ШИИБдин башчысы түз эфирде жашы жете элек кыздар кишилер менен таанышып, өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барып, анан дайынсыз жоголгон окуялар катталып жатканын билдирген. Анын пикири соцтармакта секелек кыздарга карата жасалган кылмыштарга өздөрүн айыптоо катары кабылданып, сынга кабылды. Мындан улам ИИМ Ногойбаевдин үстүнөн ички иликтөө жүргүзүп баштаган.Кийин шаардык милициянын имаратынын алдында митинг өткөн. Ал эми Ногойбаев кечирим сураган.
https://sputnik.kg/20230406/militsioner-kyzdarga-psikhologiyalyk-basym-1074199720.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/14/1052548985_0:0:961:720_1920x0_80_0_0_a09512a9ead2bc1871c2be8817cd047e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, азамат ногойбаев, ички иликтөө
кыргызстан, азамат ногойбаев, ички иликтөө
Бишкек ШИИББдин башчысына жетекчилиги чара көрдү
19:32 13.04.2023 (Жаңыртылды: 19:37 13.04.2023) Жетекчинин айткан кеби үчүн митинг өткөн.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев соцтармактагы түз эфир учурунда айткан сөзү үчүн дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Кызматтык иликтөөдөн кийин министрликтин жетекчилиги ага эскертүү берди. Ал милициянын дисциплинардык уставынын бир катар пунктуларын бузганы белгиленди.
"Анын кээ бир айткандары коомдук резонанс жаратып, ички иштер органдарына жагымсыз кептердин айтылышына себеп болду", — деп айтылат ИИМдин чыгарган бүтүмүндө.
Буга чейин ШИИБдин башчысы түз эфирде жашы жете элек кыздар кишилер менен таанышып, өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барып, анан дайынсыз жоголгон окуялар катталып жатканын билдирген. Анын пикири соцтармакта секелек кыздарга карата жасалган кылмыштарга өздөрүн айыптоо катары кабылданып, сынга кабылды. Мындан улам ИИМ Ногойбаевдин үстүнөн ички иликтөө жүргүзүп баштаган.
Кийин шаардык милициянын имаратынын алдында митинг өткөн. Ал эми Ногойбаев
кечирим сураган.