00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын жетекчисине сунуш берди

© Фото / пресс-служба Кабинета министровМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жаңы президенти Аджай Банга менен АКШдан жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жаңы президенти Аджай Банга менен АКШдан жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
Банктын башчысы Жапаровдун сунушун кылдаттык менен карап чыгарын белгиледи.
БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жаңы президенти Аджай Банга менен АКШдан жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Анда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлоруна, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө басым жасалган.
Жапаров Дүйнөлүк банктын жетекчилигин "Өнүгүп келе жаткан климаттык жактан аялуу карыз өлкөлөр" деген аталыштагы тышкы карызды "жашыл" жана "климаттык" долбоорго алмаштыруу демилгесинин локомотиви жана лидери катары чыгууга чакырды.

"Мындай механизм өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, бир жагынан, "жашыл" жана "климаттык" долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан, туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Банк менен Эл аралык валюта фондунун бул маселеде буга чейин окшош тажрыйбасы бар. Карызды "жашыл" же "климаттык" деп бошотуу механизми буга чейин бөлүнгөн тышкы ресурстарга олуттуу жардам болмок", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин масштабдуу курулушун ишке ашырууга басым жасап, биринчи кезекте бул "жашыл" долбоор экенин кошумчалады.
Аджай Банга бул маселенин ар түрдүүлүгү дайыма көңүл борборунда экенин айтып, тышкы карызды "жашыл" жана "климаттык" долбоорлорго алмаштыруу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган демилгенин маанилүүлүгүн билдирди. Дүйнөлүк банк аны кылдаттык менен карап чыгарын айтты.
Аджай Банга - Индиядан чыккан америкалык бизнесмен, АКШнын президенти Жо Байден Дүйнөлүк банктын президенттигине көрсөткөн.
Белгилүү болгондой, Аджай Банга Mastercard Inc. трансулуттук каржы корпорациясынан 2021-жылы кеткен, ал эл аралык төлөм системасынын директору болуп 10 жылдан ашуун иштеген.
Америкалык The Wall Street Journal бизнес гезитинин маалыматына караганда, анын жетекчилиги алдында компания рыноктук капиталдаштыруунун наркын 13 эсе жогорулатууга жетишкен.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Нарын облусундагы Ат-Башы гидроэлектростанциясынын реконструкциядан соң ачылыш аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Нарындагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иши соңуна чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0