00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Жамгырчиев: бөрк ал десе баш алып, расмий тилди басмырлагандар көбөйдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
Осмоналиев сунушталган мыйзамда расмий тилди басмырлаган, кордогон бир дагы берене жоктугун айтты.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Мамлекеттик тил" жөнүндө мыйзамды бурмалап, өз пайдасына колдонуп расмий тилди басмырлаган учурлар болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.
"Мамлекеттик тилди ордуна коёбуз деп расмий тилге өтө доо кетирип жатабыз. Бул жерде кесиптештерибиз жакшы талкуу жүргүзүп жатса, кээ бир жарандар туура эмес кабыл алып, расмий тилди басмырлаган фактылар көбөйүп кетти. Массалык маалымат каражаттарына чыккан соңку жаңылыктарды эле көрсөңөр. Легендарлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов чыгармаларын расмий тил аркылуу тааныткан. Кылымдарды карыткан ушул тилди бир жылда жок кылып коюу туура эмес көрүнүш. Бөрк ал десе баш алып, өтө эле аша чаап кетишти", — деди Жамгырчиев.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев сунушталган мыйзамда расмий тилди басмырлаган, кордогон бир дагы берене жоктугун айтты.
"Бул мыйзам долбоорунда мамлекеттин өзүнө энчи болгон милдети жөнүндө кеп болуп жатат. "Мамлекеттик же расмий тилде" деген норманы алып салуунун себеби да ошондо. Ачык айталы. "Зарыл болгон учурда" деген шилтеме менен расмий тилдин орду көрсөтүлүп жатат", — деди Осмоналиев.
Андан соң депутат мыйзамдын 2-беренесинин 2-пунктунда "ар бир жаран өз тилинде сүйлөөгө укуктуу" деп так жазылганын эске салды.
"Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп, ортодон бурмалап чыга коюп жатышпайбы. Ошолорго тыюу салсак, керек болсо мыйзам алкагында чара көргөнгө чейин барсак, бул эки улуттун ортосунда жаңжалды чыгарышы мүмкүн. Мисалы, расмий тилди колдонуп жашаган миллиондон ашуун мигрантыбыз бар. Алардын да жашоо-тиричилигин ойлоп коюшубуз керек", — деди Жамгырчиев.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте "Мамлекеттик тил" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү.
Латын ариби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Депутаттар латын арибине өтүүнү сунуштады. Тил комиссиясынын пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0